// //

Тоюмда курбу кызымдын күйөөм жөнүндө айткан сөзү чын болуп чыкты

2022.01.09, 16:15
8048

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Улам карап коем. "Болдучу" деп күйөөм качат. Мен дагы эле карап коем. Ушул чын эле менин күйөөмбү?

Балдарым анчейин деле байкаган жок. Алар али кичинекей, атасынан бир заматта башкача болуп чыга келгенин этибарга алышпады.  А мен аны карап отура берип, тамагым дагы муздап калды.

- Көз айнегимди эле киеинби?

- Эмнеге?

- Сага ыңгайсыз болуп жатат окшойт?

- Баары жакшы, болгону мындай экениңди билбегем?

- Кандай?

Күлүп басып кеттим.

Тоюмда бир курбу кызым, "көз айнегин алып койсо сулуу болуп калчудай" деп шыбыраган. Мен маани деле берген эмесмин. Көрсө чын турбайбы.

Келишимдүү мырза болуп чыга келди. Ар дайым чечпеген чоң көз айнегин линзага алмаштырды эле, кино актерлор бул жакта кала түштү. Көрсө мен таптакыр башка адамга турмушка чыгыпмын. Күйөөм супсулуу экен. 

Чач жасалгасын дагы өзгөрттү. Эми мен аны гана тиктеп калдым. Ал менден уялып качат. Мен артынан чуркап барып кайра тигилем. Анан мени кытылайт. Кайра мен качам. 

- Сага эми көп айымдар көңүл бура башташат.

- Мага баары бир, мен бирөөнү түбөлүккө тандагам. Мага ошол жетет.

- Ммм, ким болду экен ал (билмексен болуп жылмайдым).

Ачуусуна тийгенимди айтып, кой дегенимди укпай кытылап кирди. Ичим ооруп калгыча күлдүм. Эки балабыз чуркап келе калышыптыр. Алар экөөбүздү көрүп кайра жыргашты. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт