// //

Аялымдын тойго кийип келген көйнөгүн көрүп чалкаман кеттим

2022.01.08, 16:41
34596

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул менин аялымбы? Чын элеби? Үч баланын апасы э? "Точно" менин келинчегимби? Оозумду ачкан боюнча карап турдум.

Басканы укмуш. Шиш такада мынчалык эркин басарын унутупмун. Чачы, бели, колдору баары өзүнө жарашкан. Бул менин аялымбы? 

Баш кошконубузга 15 жыл болуп калды. Көр турмуш жанымдагы аялымдын сулуулугун мага унуттуруптур. Балдар төрөлгөндөн кийин, жашоо ага узун халат же тизеси чыккан шым кийгизди. Мага деле, тизеси чыккан шым буюрду. Тапканыбыздын баары балдарга кетип жатты. Экөөбүз өзүбүздү унуттук.

Кийин экөөбүз мындай кийимдерге деле көнүп калдык. Балдар чоңойду. А биздин адат калып калды. Эң негизгиси кийимибиз таза болсо болду эле. Бирок, сырткы сулуулук деле чоң роль ойнойт экен. Аялбы же эркекпи айырмасы жок, денебизде жакшы чүпөрөк турса маанайың көтөрүлүп калат тура. Азыр кийбегенде качан киебиз, туурабы?

Досум той берип жаткан. Мен жумуштан ары барам деп, эртең менен үйдөн чыгып кеткем. Көптөн бери тойго бара элек болчук. Барсак деле шашып кетип калат элек. 

Аялым келе элек экен. Той башталды. Бир сулуу айым кирип келди. Кызыл көйнөгү өзүнө куп жарашыптыр. Пери эле. Жаныма келип, бетимден өптү. Аялым билсе өлтүрөт дедим. Көрсө аялым турбайбы. Чач жасалгасы, макияжы, көйнөгүнүн фасону, ачык мойну, баары мени таңкалтырды. Бул сулуу менин келинчегим экен. 

Вальс бийлеп жатып күлүп карай бердим. Колдорун кармаганда толкундандым. Кудум биринчи таанышкандай болдум. 

Бүгүн өзгөчө сулуу экенин айттым. " Ар дайым ушундай болушуң үчүн эмне кылайын" дедим. "Тек гана жылуу сөзүңдү аяба" деди. Катуу кучактап жибердим. Бул учурду сүрөтчү сүрөткө тартып алыптыр. Ал сүрөттү кымбат экенине карабай сатып алдым. Анан телефонумдун фонуна койдум. 

Экөөбүз үйгө жөө кетүүнү чечтик. Тынбай сүйлөшүп бардык. Айтчу сөздөрүбүз көбөйүп калыптыр. Үйгө башкача маанай менен кирип бардык. Кызым тосуп чыкты. "Эмне мынча бактылуусуңар, массыңарбы" деди. Экөөбүз бир убакты башыбызды ийкедик. Ооба, кызым атаң менен апаң кайрадан таап алган сүйүүгө мас. 

Балдар чоңоет кетет. Акча бар болот же жок болот. Андыктан, өзүңөрдү унутпагыла. Жакшы кийингиле. Жуунгула. Атыр себингиле. Аялбы же эркекпи айырмасы жок. Тек гана өзүбүздөн эч нерсе аябайлы. Аялымдын сулуулугу, тизеси чыккан шымымды ыргытууга себепкер болду.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт