// //

"Небереме мен ат коем" деп таенеси менен чоң апасы урушуп кетти

2022.01.07, 14:50
8906

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Жаңы жылдын алдында бир ызы-чуу болдук. Балалуу болуу бактысына балкып турганда, келинчегим экөөбүз аз жерден ажырашып кете жаздадык. Жок, туура эмес айтып алдым, ажыраштырып салалы дешти. 

Тун балабыз. Декабрдын ортосунда жарык дүйнөгө келди. Башында төрөткө катышпайм деп жаткам. Келинчегимдин кыйналганын көрүп, аны жалгыз таштай албадым. Жалгыз кирсе, чыкпай калчудай корктум. Колун кармаган боюнча дарыгерлерге аралашып кирип кеттим.

Ушунча азап менен бала төрөлөрүн билбепмин. Апам алты бала төрөгөн. Байкушумдун азабын эми түшүндүм. Эми уулум апасынын сөзүн укпай көрсүн, менден бирди көрөт. Кандай азап менен апасы жарык дүйнөгө алып келгенин айтып берем. 

Ыңалаган үн. Дүйнөдөгү эң сонун музыка. Ыйлап жаттым. Келинчегим күлүп карап коет. Киндигин кес дешти. Коркуп макул болбой койдум. Эмкисинде кесем. Мунусунда мендей коркок үчүн, төрөткө чогуу киргеним эле өзү эрдик. Аялымдын колун өөп "мен сүйөм" деп шыбырадым.

Бактым койнума батпай үйгө келсем ызы-чуу. Атаман эмне болгонун сурасам башын чайкап алып чыгып кетти. Байкем кайра мени урушту. Эмне үчүн экенин билбейм. 

Көрсө, эки кудагый ат койгонду талашып урушуп кетишиптир. Кайын энем "Жаныбек", апам "Нурболот" дептир. Буга чейин балабыздын атын такыр ойлогон эмеспиз. Биз үчүн аман-эсен төрөлсө болду эле. 

Экөө бири-бирине атандашып бизди ажыраштырганга чейин барышты. Ачуум келди. "Стоп!" деп бакырдым. "Апалар, биз экөөңдү тең бирдей жакшы көрөбүз. Бирок, бул кылганыңар туура эмес. Кичинекей нерсе үчүн көңүлүңөрдү ушунча оорутасыңарбы. Биздин кичинекей мамлекетибизди бузганга чейин бардыңар. Байкуш, келинчегим укса эмне болот. Мен төрөткө катышып келдим. Анын канчалык оор экенин айтпасам деле билесиңер. Бул жерде атты келинчегим өзү коюшу керек. Эң негизгиси небереңер алты-саны аман төрөлдү. Ошого кубаналы."

Атам жаныма келип, ийинимди таптап бөлмөсүнө кирип кетти. 

Төрөткана. Баарыбыз келдик. Аздан кийин баламды колума алам. Эки кудагый эч нерсе болбогондой жүрүшөт. Бири-бирин кучакташып, "собака от меня ушла" деп күлүшөт. Анысы "иттик менден кетти" дегенди которуп алышыптыр. Келинчегим чыкты. Балабызды чоң атасына берди. Атын ким койгонун сурадык. Күлүп "Жанболот" деди. Эки атты бириктирип коюптур. Баарыбыз күлүп жибердик. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт