// //

«Милдет»: үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам

2021.12.29, 16:19
899

2020-жылдан бери Кыргызстанда акысыз онлайн юридикалык жардам көрсөтүүчү Telegram-бот иштеп жатат. Жакында эле БУУӨП колдоосу менен ЕБ жана БУУнун «Луч света» биргелешкен демилгесинин алкагында анын жаңыланган версиясы пайда болду. Анын айырмасы эмнеде?

2020-жылы Кыргызстандагы юридикалык иштер боюнча биринчи виртуалдык жардамчынын үстүндө иштеп жатып, долбоордун жаратуучусу, адвокат Фатима Якупбаева “Милдет” Telegram-ботунун негизинде бардык кыргызстандыктар профессионалдык кеңешке жана документтерди тариздөөдө сапаттуу жардамга ээ болоруна ишенген.

Кыялдар орундалып, пландар ишке ашты. Бүгүн, каалаган суроонун так жообун эч кыйынчылыксыз жана акысыз негизде алууга болот.

Көбүнчө кеңешке муктаж болгон базалык суроолордун катарына алиментти өндүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жеке ишкерликти каттоого алуу, салык режимдери жана жумуштагы талаш маселелер кирет.

Кошумча катары, колдонуучу менен болгон баарлашуунун жыйынтыгынын негизинде, бот тез арада алиментти өндүрүп алуу үчүн арыз, карыз алуучунун тил каты же жоопкерчилиги чектелген коом түзүү жөнүндө чечимди түзүп берет.

Ушул жылдын декабрь айынын башынан баштап онлайн-юристтин функциялары кеңейди. Эми ал үй-бүлөлүк укуктар боюнча да кеңеш бере алат. Программаны иштеп чыгуучунун бул демилгеси Европа Биримдиги жана БУУӨП өнөктөштүгүнүн алкагында кыргызстандык аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган.

Ага ылайык, эми “Милдет”:
• аталыкты аныктоо үчүн арызды тариздөө;
• сот аткаруучунун ишти аткарбай жаткандыгына даттанууну тариздөө (бул балдардын атасынан алимент өндүрүүдө кыйынчылыктарга туш болгон аялдар үчүн абдан актуалдуу маселе);
• үйбүлөнүн ажырашуу тууралуу арыз даярдоо;
• мүлктү же мурасты бөлүштүрүү маселелери боюнча ж.б кеңеш бере алат.
Белгилей кетсек, виртуалдык жардамчы сапаттуу кеңешти үч тилде: кыргыз, орус жана жакындан бери өзбек тилдеринде берип жатат. Ушуга ылайык, эми өлкөнүн түштүк аймактарынын тургундары да Telegram-ботунун кызматтарынан пайдалана алышат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир айлык баланын ден соолугун текшертүүдө буларды билүү керек

Балаңызды тарбиялоого жардам берген Bebbo тиркемеси жөнүндө

Колик (ичегиге жел туруу) деген эмне?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт