// //

Экинчи күйөөм балдары мени үйдөн кууп чыгарын билип муну ойлоп тааптыр

2021.12.16, 17:24
11767

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз бири-бирибиздин кечиккен махабатабыз. Аз, бирок саз жашадык. Болгону 11 жыл чогуу болдук, болгону 11...

Ортобуздагы сүйүүнү элдер гана эмес, ажал дагы көрө албады. Ортобуздагы сый баарын суктандырчу. "Эмнеге мурда кезикпедик?" деп көп айтчубуз. Ишенесиңерби, бир дагы жолу урушкан жокпуз. Көздөрүбүз менен сүйлөшчүбүз.

Менин биринчи турмушумдан эки кызым, анын төрт баласы бар. Кыздарым эбак бой жетип, күйөөгө тийип кетишкен. Мага чалып эле турбаса, балдары менен алек. Анын балдары дагы үй-бүлөлүү, бирок турмушубузга кийлигишип тынчтык беришпеди. 

Күйөөм ушунча кыраакы киши эле. "Булар мен бар эле сага унчукпай жүрүшөт. Кокус бир нерсе болсом, сени үйдөн кууп чыгышат. Аттиң, эркелетип тарбиясынан аксатып алдым" деп кейип калчу. Мен мага эч нерсе кереги жок экенин айтсам, терең үшкүрүп койчу. 

Биринчи күйөөм ичкиликке берилип, бизди таштап кеткен. Кыздарымды күндүн ысык-суугунда соода менен алектенип жүрүп бутуна жалгыз тургузгам. Батирде жашачумун. Кыздарыма деп өзүмө эч нерсе албапмын. Жаш өткөндө өкүнүп калам. 

Бул күйөөм менен кокустан таанышып калдык. Биринчи аялы каза болуп калыптыр. Бири-бирибизди көргөндө эле баш кошо турганыбыз анык болгон.

Колуна бөпөлөп алып бакты. Сүйүүсүнө бөлөдү. Сый көрсөттү. Бул үчүн өмүр бою ыраазымын.

Катуу ооруп төшөккө жатып калды. Турбасын билди окшойт. "Экөөбүз балалуу боло албаганыбызга жана жаш кезде жолукпаганыбызга өкүнөм" деп ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Анан бир юристтин номерин берди. "Мен каза болгондон кийин балдарым сени бул үйдөн кууп чыгат. Аларга таарынба. Жаштык кылып жатышат. Кийин түшүнүп өкүнүшөт. Аларды кечирип кой. Бул юрист сага бир квартиранын ачкычын, документтерин берет. Сага деп атайын алып койгом. Ошол жакка барып жаша. Мени унутпа."

Жаназасы кантип өткөнүн билбейм. Баары түшүм болуп калса экен дедим. Андай болбоду. Катуу ооруп бейтапканага жатып чыктым. Үйгө келсем буюмдарым сыртта туруптур. Унчукпай алып, күйөөм берген номерге чалдым.

Алтыным, мени көчөдө калат деп эч кимге айтпай үй алып, мага жаздырып коюптур. Ичине кирип алып ыйладым. Эмнеге мурда жолукпадык. 

Азыр неберелерим менен божурап отурам. Ар бир жакшылыгымда күйөөмдүн сүйүүсүн эстейм. Бир өмүрдө ошол адамга жолуктурган тагдырга ыраазымын. Сүйүү бар, ишенип койгула. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт