// //

Күйөөм ойлоп тапкан нерсени бир ай жасагандан кийин ажырашпай калдык

2021.12.13, 15:07
22600

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Акыркы жылдары бири-бирибизге болгон көз карашыбыз өзгөрдү. Эми айтайын дегеним, мурдагыдай жылуу эмес. Баягы түнү менен божурашып жаткан эки түгөй жок, сөздөрүбүз эбак кыскарган: “ммм”, “ооба”, “жок”, “макул” ж.б. Урушуп кетсек жыргайбыз, анткени сүйлөшпөй бир-эки жума жүрөбүз да. Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

Элдин көзүнчө актербуз. “Бизде баары жакшы” деген жазуусу бар футболка кийбегенибиз эле болбосо, жалган күлкүнү жүзүбүзгө чаптап алганбыз. Бирөө жакшыбы деп сураса дароо тиги жоопту айтабыз. Үйдө эки башка бөлмөдө телефон чукулап жатабыз.

Мурда комплинет дегенди жаадырат элек. Экөөбүз бирөө эмес, бири-бирибиз үчүн жасанчубуз. Мен ага, ал мага жаккан духи себинет дегендей. Көзүбүзгө сулуу болуп көрүнгүбүз келчү. Азыр болсо, тизеси чыккан шым, тамак чачыраган кофта, май чач, эх... Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

Жомогубуздун аягы эмне болуп бүтөрү анык болуп калды. Илгери-илгери ханзаада менен ханайым болуптур. Алар үйлөнүп, үч балалуу болушат экен. Ушундай бактылуу жашап жатканда, алардын үйүнө Кайдыгерлик деген желмогуз келет. Акырын бекенип алып үй-бүлөсүнө көз сала баштайт. Биринчи жолу ханзаада байкап калып кубалайт. Экинчисинде ханайым кубалайт. Акыры экөө тең кол шилтеп коет. Бир күнү тиги желмогуз экөөнүн сүйүүсүн жеп кетет. Ошентип жомок бүтөт.

Ажырашуу! Бул сөздү айтканга эркибиз жетпей жатты. Бирок, айтыш керек. Мен айтайын деп, балдарымды ойлойм. Ал айтайын дейт, балдарыбызды ойлойт. Сүйүүбүз кайдадыр жашынып алды.

- Нури, жүр сүйлөшөлү. Мен мындан ары чыдай албай калдым.

- Макул, жүр ашканага.

Экөөбүз бир сааттай унчукпай отурдук.

- Мен бир метод ойлоп таптым. Ошону бир ай жасап көрөбүз. Эгер аны колдонгондон кийин бир нерсе өзгөрбөсө, анда...

- Ажырашалы. Мен дагы кыйналып кеттим. Эмне метод?

- Ар дайым эртең менен жумушка баратканда жана кечинде келгенде кучакташып турабыз. Бир күн дагы калтырбайбыз.

Күйөөмдү карадым. Тамашадай көрүнбөт. Ушунча оңойбу? Бир ай чыдай алам. Методун аткарып көрөлү.

Биринчи жолу ыңгайсыз болдук. Балдарыбыз таң калып карады. Кучакташып, бирок жүзбүзгө карабай жумушка жөнөп кеттик. Экинчисинде дагы ыңгайсыз болдук. Балдарыбыз таң калып карады. Үчүнчүсүндө жүрөгүнүн сокконун укканга жетиштим. Ал чачымдан жыттады. Балдарыбыз күлүп карады.

Он бешинчи кучакташуу узак болду. Балдарыбыз чуркап келип бизди кучактады. Жыйырманчы кучакташууда жашынган сүйүүбүздү таптык өңдүү. Балдарыбыз күлүп келип кучактады. Жыйырма тогузунчу кучакташуу. Экөөбүздүн көз жашыбыз төгүлдү. Балдарыбыз таң калып карады.

Кечир сүйүү, сага күн сайын кам көргөндү унутуп калыппыз. Кечир, сүйүү. Эми кетпе. Сени араң таптык. Мындан ары бапестеп бакканга аракет кылабыз. Эки муздак жүрөк жылыды. Бири-биринин добушун угуп, мурдагыдан катуу сого баштады. Дале кучакташып турабыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт