// //

Жашооңузду түп тамыры менен өзгөртө турчу 9 адат

2021.12.06, 10:03
1638

Салам достор! Саналуу күндөрдөн кийин жыл аяктап, жаңы жыл башталат. Ар бирибиз эски жылды жыйынтыктап, жаңы жылда жаңы жашоо баштоого аракет жасайбыз. Bilesinbi.kg келээрки жылкы жашооңузду өзгөртө турчу 9 адат менен бөлүшөт. 

1. Дароо реакция кылууну токтотуңуз 

Ооба, баардык нерсе бат-баттан өзгөрүп жатат. Бирок бул суроо-талаптын баарына макул болууга негиз эмес. Автоматтык түрдө макулдук берүүгө шашылбаңыз. “Мен сага айтып коем” же “бир аздан кийин жооп берем” деген сүйлөмдү жаттап коюңуз. 

Шашып кабыл алган чечим бир күнү өкүндүрөт, ошол үчүн жоопту берүүдө убакытты кенен пайдаланыңыз. Бул ыкма менен убакытыңызды үнөмдөп, нервиңизди сактап каласыз. 

2. Каалабасаңыз да бир иштин аягына чыгыңыз

Ар күнү кылгыңыз келбеген бир жумушту тандап, аягына чейин жасап бүтүрүүгө өзүңүздү мажбурлаңыз. Мейли ал эрте туруп чуркоо, идишти агарта жуу же болбосо шкафты жыйнап чыгуу болсун. 

Бир нече күндөн кийин көйгөй кайсы бир иште эмес, аны артка жылдыруу көндүм иш болуп калгандыгында экенин түшүнөсүз. Биринчи кадамдан кийин, ишти аягына чыгаруу оңой эле экенин түшүнөсүз. Алгач кичинеден баштаганды унутпаңыз. 

3. Жуманын бир күнүн социалдык тармаксыз өткөрүңүз

Телефон жашообуздун бир бөлүгү. Качан биз зээриккенде, көңүлүбүз чөккөндө же жөн эле соцтармактарга киребиз. Аягында ал жакта күнүбүздүн теңин өткөрөбүз. 

Сөзсүз түрдө соц тармактардан биротоло баш тартып салуу керек эмес. Башкысы - акыл менен пайдалануу эмеспи. Жуманын бир күнүн телефонсуз өткөрүүгө аракет кылыңыз. Мисалы, жекшемби күнү. Сейилдеңиз, хобби менен алектениңиз же көңүлдөгү бир иш менен. Телефондон бөлөк алек болчу кызыктуу иштер бар экенин байкайсыз. Акырындык менен соц тармактарга убакытыңызды коротпой каласыз. 

4. Эртеңки күнгө кечинде даярданыңыз

Алдын ала даярдалган план болсо, жумуштарыңыз тез аягына чыгат. Тапшырмаларды түзүңүз, календарды караңыз, эскертүүлөрдү унутпаңыз. Эртеңки күндү жеңилдетүүнүн баардык камын көрүңүз. Бул адатты үйгө келээриңиз менен же уктаар алдында пайдаланганга үйрөнүңүз. 

5. Алаксыбай тамактаныңыз

Тамакты ныксыраганча жейбиз. Анткени телефон карайбыз, телевизор көрөбүз, үй-бүлөбүз менен сүйлөшөбүз. Бул маалда тамактын даамы сезилбей калат. 

Тамактануу учурунда алдыдагы ашты жегенге көнүңүз. Албетте bilesinbi.kgнин жаңы посттун окугуңүз келет. Алданбаңыз, тамактануудан кийин деле жетишесиз. Биз таарынбайбыз. 

6. Убакыт менен жумуш аткарганды үйрөнүңүз

“Помидор” методун колдонсоңуз болот. Таймер ишке маани берүүгө, кыска эс алуулар черди жазууга жана күч топтоого көмөк көрсөтөт. Мисалы, стандарттык ченде баштасаңыз болот. Алгач 25 мүнөт жумуш аткарыңыз, 5 мүнөт эс алыңыз. Кийин өзүңүзгө ыңгайлуу ритмди тандап аласыз. 

7. Түнкүсүн телефонду жаныңызга койбоңуз

Телефон жаныңызда болсо будильникти өчүрүп коюу же улам жылдыра берүү оңой болот. Бул нерседен коргонуңуз. 

Эгер телефон сизден алыс болсо, туруп барып үнүн басууга туура келет. Ошол учурда күндүн пландарын эстейсиз, ачка болгонуңузду сезесиз, болбосо суусайсыз. Эмнеси болсо да күндү баштоо оңой болот. 

8. Дароо сатып алууга шашылбаңыз

Бул эки эрежени эстеп алыңыз. Көзгө жаккан нерсени дароо сатып албай, бир нече күн кое туруңуз. Эгер бул учурда ал нерсенин чын эле керектигин туйсаңыз дүкөндү көздөй жөнөй бериңиз. Албетте бул эреже көксөп жүргөн сатып алуулар үчүн эмес. 

Экинчиден сатып түгөтүүлөргө чуркабаңыз. Маркетологдор биздин мээнин эмнеге алданаарын беш колундай билет. Кереги жок нерсени сатып албоо үчүн өзүңүзгө суроо бериңиз: “Ушул товар үчүн толук бааны төлөмөк белем?”. Эгер жообу “жок” болсо, убара болбой эле коюңуз. 

9. Идеяңызды жазыңыз

Өзгөчө идеялар күтүлбөгөн учурларда келет. Биз аны эстеп калабыз деп ойлойбуз. Тилекке каршы ал идеялар мээбизден дароо чыгып кетет. Анан өзүңдү кыйнасаң да эсиңе келбейт. Ошентип жашообузду өзгөртчү идеядан кур калып калышыбыз толук мүмкүн. 

Ошондуктан кандай идея келбесин жазып калууга үлгүрүңүз. Кагаз, ручаканын деле кереги жок. Колдо турган телефонго эле жазып алыңыз. 

Баса, кийинки жылды күтпөй азыртан баштасаңыз деле болот. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Мика Усоналиева
06.12.2021, 17:45

Мыкты..

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт