Үйлөнгүм келип жатканын ата-энеме кантип айтсам болот?

2021.11.19, 13:09
380

Саламатсызбы! Менин жашым 20да. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен экинчисимин. Менден улуу эжем бар, турмушка чыга элек. Бирок сөйкө салынган. Мен да эртерээк эле үйлөнсөмбү деп жатам. Ошону ата-энеме айтыштан тартынып жүрөм. Ата-энеме кантип айтсам болот? Алар мени жашсың деп айтышат, деп ойлоп жатам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2021, 13:09

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатсызбы. Албетте, үйлөнүү бул ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу чечим. Аны ата-энең менен кеңешип кабыл алган оң. Эгер сиз өзүңүз жана өзүңүдүн үй-бүлөңүз үчүн толук жоопкерчиликти өз мойнуңузга ала-алсаңыз, кантип айтам деген суроо жаралмак эмес. Ата-энеңер да каршы болмок эмес болуш керек.

Сиздин учурда, үйлөнө турган болсоңуз, ал келинди багуу жоопкерчилиги да ата-энеңиздин мойнуна жүктөлүп жатат. Ошондуктан алардын пикиринен жана уруксатынан көз каранды болуудасыз.

Мен түшүнүп турам, сиз мүмкүн болушунча эртерээк үйлөнүп, сүйлөшкөн кызыңыз менен ар дайым бирге болгуңар келип турат. Бирок үй-бүлө бул жалаң эле сүйүү эмес, бул чоң жоопкерчилик. Үйлөнүү демек, бир үй-бүлөгө кам көрүү, анын кем-карчысын толугу менен камсыздоо.

Ар дайым каалоолор мүмкүнчүлүктөрүбүзгө чак келиши керек. Себеби адамдар чоң сүйүүнүн негизинде баш кошуп алышат. Бирок биринчи кыйынчылыктарга эле туруштук бере албай көптөгөн уруш-талаштар, түшүнбөстүктөр, конфликтер жаралат. Жубайлар кыска убакыттын ичинде эле эки ара жолго түшүп кетишет.

Кандай болгон күндө да ата-энеңиз менен ачык сүйлөшүңүз. Алар менен бирге кеңешип, чечим кабыл алыңыз. Анын үстүнө эжеңиз да турмушка чыгат экен. Мунун бардыгы ата-энеңиз үчүн чоң чыгаша экенин эстен чыгарбаңыз.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт