// //

Аялым кымбат баалуу белектен да, бул нерсени кылганым жагарын айтты

2021.11.18, 17:09
6664

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен аялымды сүйөрүмдү айткандан тартынбайм. Сүйөрүмдү кур сөздөр эмес, иш-аракет менен далилдейм. Жашоо кыска, аны көрктүү кылып жашоо өзүбүздөн. Туурабы?

Балдар чоңоет, өз турмушу менен кетет, аларга тоскоол болбойм деле. Кайра батыраак чоңоюп кетсе экен дейм. Келинчегим экөөбүздүн тапканыбыздын баары ошолордон артпайт (күлүп). Өзүбүзгө байпак алалабай калган күндөрүбүз болду. 

Менде бир кыял бар. Силер менен бөлүшөйүн. Балдар чоңоюп кетти дейли. Ошондо аялым менен парк аралап сейилдесем дейм. Анан киного барабыз. Андан чыгып тамактанабыз. Балдар эмне болду деп кабатыр болбойбуз. Ушундай тынчтыкта болобуз. Экөөбүз эле. Неберелерди дагы албайбыз. Өзүңөр баккыла дейбиз. 

Туулган күнү болчу. Сумка алып бердим. Тандап жүрүп жакшысын алдым. Сонун кылып майрамдадык. 

Түн. Уйкуга даярданып жатып, менде аялыма бир суроо пайда болду.

- Мен берген белектердин ичинен кайсынысы жагат?

- Баары жагат.

- Эми бирөөсүн айтсаң.

- Мага белектериң эмес, кучактаганыңды таштабаганың жагат.

- Түшүнбөдүм. 

- Ар дайым жумушка кетерде, жумуштан келгенде мени балдарыбыздан дагы биринчи кучактайсың. Бул нерсени эч таштабадың. Урушуп кетсек дагы кучактап коюп кетесиң. Мага ошол бир ирмемде болчу кучагың жагат. 

Мен муну эч ойлобопмун. Атайылап деле жасачу эмесмин. Келинчегимди кучактап жыттап алмайын кетпейм. Бул нерсе биринчи кезекте өзүмө жагат. Көрсө, аялым баалуу белектен дагы ушуга ыраазы болуп жүргөн тура. Мен бактылуумун. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт