Муңдуу ырдап жаткан келинимди көрүп туура эмес кылганымды билдим
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
"Апа келиниңиз мыкты ырдайт." Уулум көздөрү жайнап, сүйгөнүн мактап жатты. Калп айтпайм, кызгандым, жылмайып отурганым менен баламдын бой жетип калганын мойнума алгым келбеди. Менин баянымды окуп, мен кетирген каталарды кетирбегиле деп айткым келет.
Элдин көзүнчө менден өткөн жакшы кайын эне жок. Колунан чыныны ала калып, иш кылып жатса тим эле кой деп, мага Оскар сыйлыгын берсе болчудай. Эл кеткенден кийин жүзүмө бырыштар түшүп, "тезирээк дасторконду жыйна" деп катуу айтып чыгып кетем.
Ак жумал келген, көздөрү бакырайган, мээримге толгон, суйкайган келиним бар. Айылдагы аялдар дагы суктанат. Мен мактанып жүрүшүм керек эле. Көрсөткөн сыйына бөлөнүп, балпайып төрдө отурушум керек эле. Корс мүнөзүмдүн азабын тартып отурам.
Билесиңерби, бирөөгө жамандык кылгандан эч кандай пайда жок. Анын алдында кыйын болуп көрүнүп жатам деп ойлошуңар мүмкүн, андай эмес. Бирөөгө кордук көрсөткөн адам эч качан бийикте турбайт, дүйнөдөгү эң төмөнкү адам деп билем. Жашоо бир келет, жакшы жашагыла. Уулуңар үйлөнсө турмушуна кийлигишпегиле, өздөрү эмне кылышты билет. Ошондо сыйыңарды сактап калат экенсиңер.
Эртең менин шеринем. Уулумду машинасын айдатып базарга түшкөнү жөнөп калдым. Кой союлган. Толтура иче-карынды келиниме дайындап койдум. Байкушум, унчукпады. Эшик суук. Аяган дагы жокмун. Үйгө, жылуу сууга жуу дебедим. Мендей дагы адам болобу...
Келип эле балама продукттарды үйгө алып кир дедим дагы, келинимди текшергени бакчага жөнөдүм. Ишенесиңерби (ыйлап), биринчи жолу келинимдин ырдаганын уктум. Эмне ыр экенин билбейм, бирок ушундай созолонтуп ырдап жатты. Ыр аркылуу ичиндеги кайгысын, мага болгон таарынычын, аздан кийин баламды таштап кетерин, мындан ары чыдай албасын билдим. Ооба, силерге сыйкырдуу көрүнүшү мүмкүн, бирок мен муну сездим. Уулумдун үй-бүлөсүн өз колум менен бузганымды билдим.
Конокторду узаттык. Келиним чарчап калганын көрдүм. Дасторконду жыйнап кирди. Жанына бардым дагы, "тур, укта, мен өзүм жыйнайм, менин конокторум" дедим. Таңкалып туруп калды. Бирок кеткен жок. Уулумду чакырып, "бар уктагыла, эртең силерге жумушум бар" дедим. Экөө мени таңкалып карап турушту. Мен идиштерди чогултуп сыртка чыгып кеттим.
Эртеси келиним таң эрте ойгонуп туруп баратканын уктум. Шап бөлмөмдөн чыгып, "тур укта, мен тургандан кийин турасыңар" деп бөлмөсүнө кубалап киргиздим. Өзүм эбак ойгонгонума карабай, келиним уктап алсын деп түшкө чейин жата бердим.
Өзгөрүү кыйын экен. Бирок, жасаса болчу иш экен.
Келиним мага ачыла баштады. Кичинесинде ырчы болгусу келгенин, бирок атасы макул болбой койгонун айтып жашыды. Экөөбүздүн сүйлөшүп отурганыбызды көргөн уулум башкача бактылуу.
Келинимдин кыялын орундаткым келди. "Бир жумадан кийин курбум уулун үйлөнтөт экен. Менин келиним жакшы ырдайт дедим. Кыскасы, эки жашты сен алып киресиң. Тойлорго чыгып ырдап башта, калганын көрөбүз." Келиним мени кучактап ыйлап жатты.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду
Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты
"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет