// //

Үйдө турган "скорыйды" көрүп, аялымды катуу сүйөрүм эсиме түштү

2021.11.12, 17:04
5603

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Буттарым титиреп чыкты. Чуркайын дейм, бирок баса албайм. Балким биздин үйгө токтогон жок. Балким, кошунага келди. Көчөнүн башында элем. Миң түркүн ой. Демейдеги кыска жол километр болуп узарды. 

Эртең менен келинчегим экөөбүз таарыныша кеткенбиз. Болбогон эле нерсе үчүн ачуу сөздөр айтылды. Элдешпестен экөөбүз эки бөлмөгө кирип кеттик. Анан мен жумушума жөнөдүм. Маршруткада баратып, "каап жанагы сөздү айтып капа кылбай эле койсом болмок экен" дедим. 

Ансыз жашоом көз алдыма келди. Жүрөгүм "шу" дей түштү. Билесиңерби, бүгүн, дал ошол "скорыйды" көргөндө аялымды канчалык сүйөрүмдү билдим. Катуу сүйөрүмдү билдим. Көр турмуш бул сезимди мага унуттуруп койгон экен. Жүрөгүм башкача сого баштады.

Аялымдын кан басымы бар. Аба-ырайы өзгөргөндө, стресс болгондо көтөрүлүп турат. Бир жолу түндө кармап, бейтапканага кантип алып барганымды билбейм. Ошон үчүн ал көп кабатыр болбошу керек. Бирок, бул жашоодо жөн дагы жүрө албайт экенсиң. Балдарды ойлоп, аркы-беркини ойлоп өзү эле көтөрүп алат. Анан урушам. 

Бир заматта андан ажырап каларымды элестеттим. Балдарымды бери кой, сырттагы күчүгүбүз ансыз жашай албайт. Менин апам келинин менден дагы жакшы көрөт. Менчи... Мен кимдин ачуусуна тийип, кимге тийишем.

Буттарым иштей баштады. Чуркадым. Биздин үйгө токтоптур. Оюма жаман нерсе келди. Эшикти болгон күчүм менен ачсам апам, атам, анан иним менен аялым чай ичип кобурашып отурушат.

Көрсө иним тез жардамга айдоочу болуп жумушка кириптир. Апам келинин сагынганын айтса такси жалдагандан эринип өзү кызматтагы машинасын сурап айдап келиптир. 

Кечинде уктаганда даярданып жаттык. Аялым ары-бери басып жүргөн. Мен аны тиктеп отура бердим. Ал улам эмне болгонун сурап коет. Бир маалда жаныман өтүп баратты эле, колунан шап кармап "бүгүн сени канчалык сүйөрүмдү билдим" дедим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт