// //

Күйөөм төрөтүмө катышкандан бери үйгө эрте келчү болду

2021.11.06, 14:56
3367
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 
"Ушундай болушу керекпи?", "Ушинтип оорутабы?", "Катуу ыйынган жокпу?"...

"Ай, байке тажаттыңыз, ары туруңузчу!" Медайым акыры чыдабай кетти. Күйөөм баарын тажатып жиберди. "Канча сантиметр ачылат дагы ?" деп, улам сурай берип акушерден дагы уруш укту. Айласыз күлдүм.

Башында төрөткө катышпайм деп коркуп жаткан. Анда бейтапканага барбайм, бала сеники дагы деп көшөрүп туруп алдым. Суу агып баштаганын көргөндө макул болуп мени менен жөнөдү.

Нерв болуп тырмактарын баарын жеп бүтмөй болду. Толгоом келген сайын бакырсам кулагын жаап, тизелеп отуруп алат. "Ай, колун кармап дем күч бербейсизби" деп медайым тынчын койбойт. Экөө тил табыша алган жок. Ары-бери басам деп инструменттерди дагы түшүрүп алды. Дагы уруш укту. 

"Иий, ыйын, аз калды, чыда..." Акушер төрөтүмдү кабыл ала баштады. Күйөөм колумду кармаган бойдон артын карап турду. Байкуш коркконунан титиреп, тердеп чыкты. Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Наристебиздин үнү. Ага кошулуп мен ыйлайм, мага кошулуп күйөөм ыйлайт. Бир маалда эси ооп жыгылды. 

Баламды төшүмө коюшту. Атасына дагы койгула деп сурандым. Жанымда кушеткада жарым жан болуп жаткан күйөөмө алып барышты. Төшүнө койсо, ыйлап, дагы эси ооп калды. "Ай, назик неме экен күйөөң, киндигин кестирбей эле коелу, дагы ээси ооп калат" деп, жанагы медайым күлдү. 

Түнү менен достору менен жүргөн, көп нерсени этибарга ала бербеген баягы күйөөм жок. Жумушунан эрте келип, мага кол кабыш кылчу болду. Кызын өзү алып, жалаяктарын которуп кадимкидей жардам берет. "Сен кыйналдың, мен эле жасап коем" деп көп айтчу болду. Көз карашы дагы олуттуу болуп калды. Келечек тууралуу сүйлөп, бир нерселерди кыла баштады. Кайын-журтум, атам менен апамдар дагы анын өзгөрүп калганын айтышты. Оор басырыктуу болуп, мени аяп калды.

Кызыбыз үчкө чыкты. Атасына аябай жакын. Жумуштан качан келет деп күтүп отурат. Мени кадимкидей атасынан кызганат. 

- Жаным, Назикти бала бакчага берели?

- Эмнеге? Бербейм, өзүм карайм деп жатпадың беле?

- Эми жетишпейм го...

- Эмне болду? Баары жакшыбы?

Ичимди сылап, күйөөмдү жылмая карадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт