// //

Кой сойгонду кайын атам эмес кайын энем үйрөткөн

2021.11.04, 16:11
1729

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ооба, туура эле окудуңар. Кой сойгонду кайын энемден үйрөнгөм. Ишенсеңер ишенгиле, ишенбесеңер жок. Бирок, кайын энем анча-мынча эркектен ашса ашат, бирок артта калбайт.   

Атам каза болгондо он төрт жашта элем. Билгенинин баарын үйрөтөрүн айтып, “уулум” деп башымдан сылаган эң жакын адамымдан айрылуу мага чоң сокку болду. Үйдүн ар бир бурчу атамды элестетип туруп алды: отун жарып жүргөнү, малга чөп салганы, тоокко жем чачканы, тосмолорду оңдону ж.б. Акыры үйгө түнөбөй көчөгө качып калдым. Шайтандан айырмасы жок досторду таап, барбаган жерим, кылбаган ишим калбады.

Апам шаарга көчүп кетүүнү чечти. Ананчы, жалгыз уулу жашоосун талкалап жатканын жөн карап тура алган жок. Бул чечими үчүн апама ыраазымын. Болбосо, түрмөгө түшүп тынмакмын. Кийин мектепти, университетти мыкты аяктадым. Мүмкүнчүлүк пайда болуп төрт жыл чет өлкөдөн иштеп келдим. Кыскасы, кой соймок түгүл, отунду эптеп жара албайм. 

“Иии, күйөө бала, кой сойгонго кандайсың?” Сүйүктүүмө сөйкө салганы барганбыз. Кудалар тарап сынамакчы болушту. Эмне дээримди билбей туруп калдым. Ана-мына дегенче эле кайын энем, “өзүм үйрөтүп алам” деп жооп берди. Ух, кудай сактады. Токтосоңор, үйрөтүп алам дейби?

Атасы убагында көпчүлүккө таанымал касапчы болчу экен. Кичинесинен жанында жүрүп мал сойгонду үйрөнүп алыптыр. Азыр бир койду заматта жайгарып салат.

Кайын атам, “Гүкүш турганда сойбойм, уят болгум келбейт”,- деп тамашалап калат.   

Ар дайым кой сойгондо мени жанына алып алат. Шашпай баарын айтып көрсөтүп берет. Анан кезек мага келет. Башында толкунданып колумду кесип алган учурлар болду. Акыр-аягы экзаменди беш деген баага тапшырып, “Азаматсың уулум!” деген сөзгө татыдым.

Азыр кайын-журтумдун үйүнө барып калсам, кайын энем “уулум эле соет” деп сыймыктануу менен айтат. Мен дагы кайын энем көрсөтүп берген ыкмаларды колдонуп көз-ачып жумгуча малды мууздап, жиликтеп коем. Баары мактаган сайын, кайын энеме ыраазы болом. Чоң рахмат, апа! 

Баса, эт бышырганды, устукан бөлүштүргөндү да кайын энем үйрөткөн.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт