// //

Кайын энем конок келээрде мени эмес, бул эки адамды чакырат

2021.11.02, 16:02
15181

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эмне мен жасаган тамакты жактырбайбы? Боорсокту өзүм деле бышырмакмын. Салаттарды деле түрлөп жасаганды билем. Же идиштерди сындырып алат дедиби? Бул экөөнөн эмнем кем? Бултуюп жүрдүм.

Жаңы келген жылым. Башында ар кандай ойлор келип түшүнө албай жүрдүм. Ачык айткым келет, бирок тартынам. Ар дайым конок тособуз дегенде ушул экөөнү чакырат. Экөө дагы күтүп тургандай шап чуркап келишет. 

"Апа, өзүм эле жасайм" десем, тим эле коюшумду айтат. Бактылуу келин экенимди көптөн кийин билдим. 

Турмушка чыкканга чейин келиндик доорду башкача элестеткем. Биринчи күйөөгө тийген курбуларым укмуш сүрөттөп берген эле: таң атканга чейин идиш жууйсуң, эшик шыпырасың, конокторду жалгыз тососуң, ошондо дагы жакпайсың ...

Күйөөм сонун адам. Аны менен бактылуу болорума көзүм жетти. Э макулчу, эмнеси болсо көрөбүз, келиндик доор анчалык болбосо керек дедим дагы, турмушка чыктым.

Күйөөм кайын атам менен кайын энемди тарткан тура. Сонун адамдар. Мени "жөжө" деп алышкан. Ананчы сары, сулуу кызмын. 

Эшик шыпырайын десем болушпайт. Тамак жасасам идиштерди өздөрү жууйбуз деп болушпайт. Ар ким өзүнүн кирлерин жууйт. Жумуштан шашып үйгө келсем, "эмне эрте келдиң" дешет. Үйдөн чыкпай отурсам "сейилдеп келгенге курбуларың жокпу" дешет. Уялганымдан бар деп чыгып кетем. Бул жагы таптакыр башкача болуп жатат. 

Эртең конок тособуз. Бул жолу тиги эки адамга өзүм чалдым. Кайын энем айтып кой деп жумушуна кетип калган. Баса, ал экөө идиш жуучу анан ашпозчу эжелер. Жакшылыктарга буйрутма алып иштешет.

Кайын энем мага кам көрүп чакырганын кайдан билдим. "Жөжө кыйналып эмне кыласың, азыр чакыра коебуз" деп идиш жууганга, тамак жасаганга эки эжени чакырат. Аларды дагы капа кылбай кызмат акысын жакшылап берет. Баары ыраазы болуп кетишет. 

Бир жолу чогуу чай ичип отурганбыз. Ошондо башында таарынып жүргөнүмдү айттым. Кайын энем күлдү. "Жөн жерден күнөөгө баткан турбайбызбы" деп кайын атам тамашалады. Күйөөм "анда эмки конокту өзүң тос" дегенде, байкабай "жок" деп бакырып жиберипмин. Баарынын боору эзилип калды. Ушундай эрке келин болдум. Бул үчүн үч сонун адамга рахмат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт