Бутубузга тургандан кийин жоголгон туугандар пакет көтөрүп келе башташты
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
- Апа, суу кайнады, жүрүңүз ичип алалы.
- “Варенье” калыптырбы, азыраак сал.
- Мен жөн эле суу ичем.
- Кой, эсиң ооп, жыгылып каласың.
Эт жей элегибизге туптуура эки жыл болду. Ун салган идишибиз көптөн бери бош. Кургак чайыбыз бир ай мурун түгөнгөн. Ошондон бери кайнак суу ичебиз. Дагы жакшы, апам жапкан вареньелер бар. Эртең менен, түштө жана кечинде, ошону сууга чылап, ичип алабыз. Курсагым курулдаган сайын атамдын туугандарына болгон жек көрүм күчөйт.
Атам бизди ойдо жок жерден таштап кетти. Чай ичип бүтүп дароо тура калды эле, кулап түштү. Тез жардам келгиче каза болуп калды. Башына кан куюлуп кеткен экен.
Башкаларды бери кой, бир туугандары душман болуп чыгышты. Карындашы, байкелери жана инилери чогулуп үйгө келишти. Кан жутуп отурган апамды жулкулдатып, “бир тууганыбыздын дүнүйөсүн басып алдың”, “бизге баланча сом бересиң”, “боз үйдү кырк күн алдырбайсың, “күндө кой соесуң” деген талаптарды коюшту. Өздөрүнөн бир тыйын чыккан жок.
Бир күнү байкемди таппай калдык. Мал базарга кеткен боюнча жок. Ал убакта кайдагы телефон. Апам экөөбүз кезектешип жол карайбыз. Досторун кыдырып чыктым, эч кимиси билбейт. Түндө атамдын иниси менен бир милицияны ээрчитип келди. “Камаганга себеп табабыз. Байкемдин базарын менин атыма жаздырып бересиң” - деди. Баса, атамдын чоң базары бар болчу, биз ошонусу менен жан бакчубуз. Апам ыйлап, “айтканыңардын баарын аткарам, болгону уулумду кое бергиле”,-деп, документтерге кол коюп берди. Эртеси байкем келди.
Үйдө тыйын калган жок. Байкем шаарга жумуш издеп кетти. Апам медайым болуп 700 сомго иштейт. Тапканы светке, сууга төлөгөнүбүзгө жетет. Апамдын “кой” дегенине карабай, сабактан кийин заводко каперс (бадал өсүмдүктүн бир түрү) туздагыч болуп кирип алдым. Баштан эмне деген күндөр өтпөдү.
Курсагыбыз курулдап, өңүбүз бозоруп, кайнак суу ичип отурсак дагы жакшылыктан үмүтүбүздү үзгөн жокпуз.
“Өлбөгөн жанга жаз келет” дегендей, бизге бир жакшылык тиер күн келди. Айылдагы үйдү сатып, шаарга көчүп кеттик. Бутубузга туруп, турмушубуз оңолду. Баягы жоголуп кеткен туугандар бирден, экиден чала башташты. Айрымдары айылдан ар нерсесин көтөрүп алып эч нерсе болбогондой үйгө келишет. Бирок, биз кимдин ким экенин жакшы билип калганбыз.
Баса, жакында атамдын базары өрттөнүп, ээси банкрот болгонун уктук.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр
Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду
Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат