// //

Тушоо тойдон биринчи чуркап келгенден кийин кайын энем жумшарды

2021.10.26, 17:34
17145

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Башында шашпай чуркайм, бара-бара ылдамдыкты күчөтөм. Могу жанымдагы жаш келин ашып кетчүдөй болуп жатат. Кедасын кийин даярданып келген тура. Мен болсо шлепкачан. Алдымдагы эже дагы тажрыйбалуу көрүнөт. Жок, утам, утам. Алдыгы манты-касканды алышым керек. Тиги артымдагы келин дагы утчудай. Жок, утам, утам. 

Кайын энем карап олтурат. Жанында күйөөм мени тартам деп телефонун даярдап турат. Кайдан макул боло калдым. Уят болбосом экен. Келгениме бир ай боло элек. Минтип чоң жарыш алдында турам. Ушу мен жөн жүрбөй калдым. 

Кошунабыз небересине тушоо той берип жаткан. Бир күн мурун кайын энем "баш байгеге чоң манты-каскан коюшуптур" деп келген. Көздөрү жайнап алган, кыязы, кыялданып жүргөн буюму окшойт. 

Кайын энем мага жакшы эле мамиле кылат. Бирок, экөөбүз бири-бирибизге көнө элекпиз. Ортобуздагы ишеним күчтүү эмес. Сыртыбыздан байкап жүрөбүз. 

Жөн жүрбөгөн жаным кайын энеме ошол призди утуп бермей болдум. Спорттун "С" тамгасы менен тааныш эмесмин. Күйөөмө айтсам, бутумду оорутуп аларымды айтып, кабатыр болду. Баары бир катышам деп көшөрүп туруп алдым. Ошончо айтып жаткандан кийин кедамды кийип чыксам кана.

Жалпысынан тогуз айым болдук. Алардын эң алсызы мен. Айдар байке ышкырды. Кеттик! Жай чуркап баштайм деген жаным, элге кошулуп газды басып жөнөдүм. Жолдун ортосуна келгенде артта кала баштадым. Ошол маалда бир шлепкамды бир жакка, экинчисин бир жакка ыргыттым дагы, байпакчан чуркап жөнөдүм. Күйөөм бакырып колдоп жатты. Манты-касканды көрүп дагы ылдамдыгымды күчөттүм. Жанагы тажырйбалуу эжеден аштым, анан кедачан келинди артка калтырдым. Айдар байкеге жеткенде токтоно албай, дагы бир беш метр чуркап бардым.

Мен уттум! Манты-касканды көтөрүп алып кайын энеме көздөй чуркадым. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Жанатан бери жөн отурган кайын энем ордунан тура калыптыр. Күйөөм экөө чуркап келди. Экөө тең бирден шлепкамды көтөрүп алышыптыр. "Апа, манты жасап жейли э." Ушинткен экенмин. Кошуналар азыркыга чейин айтып күлүшөт. 

Кайын энем ошондон бери жумшарды. Экөөбүздүн ортобуздагы чек жоголду. Бири-бирибизге көнүп, атүгүл жакын болуп калдык. Менин өжөрлүгүмө жана призге кайын энем каалаган манты-касканды койгон кошунама рахмат. 

Баса, кеп манты-касканда эмес. Кайын энем ага белек кылгым келгенин билгенде эле, көзүнө жаш алганын айтты. "Мага сенин ниетиң эле жетиштүү болчу кызым" деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт