// //

Аялымдын туулган күнүн унутуп калганда, куткарып кеткен кошунама рахмат

2021.10.24, 21:04
5044

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Биздин салтыбыз ушундай, ар бир майрамды калтырбай майрамдайбыз. Балдарыбыздын туулган күнү болобу, биздики же жаңы жылбы, айтор, дасторкон жайылып, торттор кесилип, бокалдар кагылышы керек. Биринчи кезекте бул өзүбүздүн маанай үчүн керек.

Аз жерден салтыбызды бузуп коеюн дедим. Дароо оюма балдарым, аялым келди. Алардын маанайы түшүп калганын элестетип жаман болдум. Артка кайтайын десем кеч кирип калган эле.

Жумуштан ушундай чарчап чыктым. Дагы текшерүү келип, бизди болушунча кыйнады. Маанилүү бир нерсени унуткандай болуп жаттым. Бирок, мээм ооруп, башым лукулдап, оюмду бир жерге топтой албай койдум. Үйгө барсам эле уктайм дедим. 

Маршрутка адаттагыдай тыгын. Бир улгайган эжеге туруп бербе койдум эле, ызы-чуу салып, каргап кирди. "Сизди көрбөй калыпмын" десем дагы токтоп калбайт. Айланайын, бир орун үчүн ушунча болобузбу... Жөн гана жаныма келип айтса туруп бермекмин, чындап эле көрбөй калыпмын. Маанайым дагы түштү, башымдын оорусу күчөдү. 

Көчөнүн башынан түшкөндө эле, бүгүн келинчегимдин туулган күнү экенин эстедим. Тууй, эми эмне кылам. Катып туруп калдым. Шаарга түшөйүн десем кеч кирип калган. Маршруткалар дагы бир аздан кийин токтойт. Жумуштан чыгып торт, белек алам деп жатпадым беле. Көрсө ошону унутуптурмун да...

Үйгө баргым келбей тура бердим. Биз жактагы дүкөндөрдөн эч нерсе таппайсың. Ошол маалда Жоки (чын аты Жаныбек) кошуна камазын айдап алып келатыптыр. Мени көрүп токтоп калды. Эмне болгонун сурады. Баарын айтып бердим. Баса, башымдын оорусу кайдадыр жоголуп кетти.

Камазына отургузуп алып айыл кыдырып торт издеп баштадык. Бир дагы дүкөндө жок. Камазды ушундай катуу айдады. Акырын десем "үйдө балдарың тосморуп отурат, тез бололу" дейт. Таптык. Айылдын түбүндөгү дүкөндөн бир торт чыкты. Анан Жоки тааныш бир кемпирдикине айдап барып гүл сатып алдык. Мунун баарына 20 мүнөттүн ичинде жетиштик.

Үйгө таштап койду. Ыраазы болдум. Рахматымды айтып, кучактап жибердим. 

Туулган күндү сонун кылып тосуп алдык. Аялым дасторкон жайып, мени эле күтүп отурган экен. Келинчегиме калп айтпайм, эмнеге кечиккенимди, Жокини айтып бердим. "Тур, чакырып кел" деди. Чын эле ошол оюма келбептир. Ой-боюна койбой Жоки менен аялын сүйрөп келдим. Бул жылы келинчегимдин туулган күнүн өзгөчө тостук. 

Жаныңда жүргөн адамдардын кандай алтын экенин башка иш түшкөндө билет турбайбызбы. Буга чейин Жоки менен саламдашып эле койчубуз, азыр доско айландык. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт