// //

Күйөөм экөөбүз нике түндө берген антыбызды 12 жылдан бери аткарып келатабыз

2021.10.23, 16:50
29083

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Алты айдан бери даярданып жүргөн той бир заматта бүттү. Көз ачып жумгуча жаңы статуска ээ болдук. “Ой, мурдагыдай эле экен” дегендерге ишенбегиле. Баары өзгөрдү. Кантсе да келинге, күйөө балага башкача мамиле кылынат экен.

“Жеңе, жеңе, жеңэээ...” Кайын сиңдим мени чакырып жаткан экен. Бул сөзгө көнүшүм керек экен. Улам эле “жеңе” экенимди унутуп коем. Кайын энем күлүп “көнүп каласың” деп коет. Күйөөм дагы кудум мендей. Сиңдилерим “жезде” десе чочуп кетет. Бактылуубуз.

Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анын эмнесин айтсыңар, далай уруштук. Урушканда дагы катуу сөздөр менен, жүрөккө түз барып тиет. Ал мени кызганат, мен аны. Анан бир айга жакын сүйлөшпөй жүрөбүз. Сагынып, кусалыктан ооруп баратсак дагы бири-бирибизге жазбайбыз. Көк бетпиз.

Досторду дагы жакшылап тандаш керек экен. Экөөбүз урушсак жыргап күлгөндөр болду. Жараштыргандын ордуна кайраштыргандар болду. Ушак чыгарып ого бетер урушту күчөткөндөр болду. Анан элдешип жатканда баары жалган экенин билип жаман болчубуз.

Бизди үлгү катары албагыла. Урушканыбыз, кызганганыбыз бул туура эмес.

Нике түн. Эми жеңелер эшиктин артында аңдып туруп алган жок. Биздин ата-энебиз заманбап адамдар. Ырымдар менен анчейин иши жок. Коноктор узап, экөөбүз бөлмөбүзгө кирип бардык. Аял жана күйөө статусундагы биринчи түнүбүз. Экөөбүз бири-бирибизди карап бир каткырып алдык. Баш кошконубузга ишене албай турдук.

Кийимдерибизди чечпестен керебетке куладык. Уйку жок. Потолокту тиктеп, кол кармашып жаттык. Ошондо мага мындай бир ой келди.

- Кел, экөөбүзгө гана тиешелүү мыйзамдарыбызды түзүп алабыз. Мындайча айтканда, чакан мамлекетибиздин мыйзамдары.

Күйөөмдүн көздөрү жайнап кетти.

- Мен макул. Азыр барак алып келейин.

Таң атканча мыйзамдарды талкуулап, керектүүлөрүн жазып, керексиздерин өчүрүп чыктык. Бир маалда кайын энемдин үнү чыкты: “Экөөңдүбү азыр, жаткыла, чарчадыңар!” Жатар алдын бири-бирибизге ант бердик. Мыйзамдар эртеңден баштап күчүнө кире турган болду.

Мыйзамдарыбызды баарын айта албайм. Айрымдарын гана санап кетейин.

  • Урушканда, элдешмейин барып уктабайбыз.
  • Түшүнбөстүктөр болсо, бакырбай, өзүбүздү колго алып түшүндүрөбүз.
  • Эч качан эки башка уктабайбыз. Ар дайым чогуу кучакташып жатабыз.
  • Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенбейбиз. Экөөбүз бирибизге гана ишенебиз.
  • Үй-бүлөбүзгө ата-эне, туугандарды, досторду аралаштырбайбыз.
  • Достор менен жолугушууга барганда улам чалып тынчыбызды ала бербейбиз.
  • Жумуштарды чогуу кылабыз, бөлбөйбүз.
  • Күн сайын себепсиз кучакташып турабыз.

Андан бери он эки жыл өттү. Үч баланын ата-энеси болдук. Ушул убакка чейин берген антыбызды аткарып келебиз. Ооба, башында кыйын болду. Бирок, жоопкерчилик алгандан кийин анын аягына чыгалы дедик. Бирок, үй-бүлөбүз ушундай туруктуу дейсиңер, ортобуздагы сүйүү, сый күчөп барат. Баары бизден “кантип урушпайсыңар” деп кеңеш сурай беришет. Урушууга мыйзамдарыбыз жол бербейт экенин айтсак түшүнбөй таңкалышат (күлүп).

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт