Мени инстаграмынан жамандап жаткан адамга кандай чара көрсөм болот?
Саламатсызбы! Менин атымдан бирөө инстаграмдан аккаунт ачып, сүрөттөрүмдү киргизип, "сторисине" жаман сөздөрдү жазып жатат. Кандай чара колдонсом болот? Ал аккаунтка чалсам албайт, жазбайт. Сураныч жооп алып берип коюңузчу.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде "Ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген ар бир адам интернет тармагындагы сайттын ээсине же интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсине, баракчадан же сайттан анык эмес (жалган) маалыматты токтоосуз (кайрылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде) алып салууну жана мурда жарыяланган анык эмес (жалган) маалыматты жокко чыгаруучу маалыматты жарыялоо жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу" деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, эгерде маалыматты өчүрүүдөн баш тартып жаткан болсо, сиз сотко кайрылып өз укугуңузду коргосоңуз болот. Сотко кайрылуудан мурда бул тармакты жакшы билген адистерден кеңеш алуу зарыл. Анткени соттон эмнени суранса, сизге пайда берчү жагдайларды алардан тактоо керек.
Жогорудагы мыйзам боюнча министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте интернет тармагындагы сайттын ээсинин же интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттанууга, анык эмес (жалган) маалыматтарды алып салууну жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токто турууну талап кылууга укуктуу, деп көрсөткөн. Бирок бул тартип кандай болуусу керек экендиги бүгүнкү күндө маалым эмес. Мындай учурларда кээ бир адамдар милицияга же улуттук коопсудук кызматына дагы арыз менен кайрылууда.