// //

Күйөөм экөөбүз нике түндөн бери төп келбей келебиз. Эмне кылсак болот?

2021.09.29, 15:14
2680

Саламатсызбы! Менин жашым 27де. Жолдошум менен ажырашсамбы же үй-бүлөмдү сактап калсамбы деп башым катып турат. Адистин кеңешине муктажмын. Үй-бүлө курганыма быйыл 2 жыл толду. Жолдошум менен беш жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Ортобузда сүйүүбүз бар. Бирок акыркы күндөрү сүйүүдөн деле эч нерсе калбагандай.

Жолдошум билимдүү, ыймандуу, сымбаттуу. Турмушубуз дагы жаман эмес. Бишкектин борборунда батирибиз, жакшы уюмдарда жумушубуз бар. Тапкан акчабыз дагы жетиштүү. Кыскасын айтканда турмушум шүгүр. Бирок, жолдошум экөөбүздүн интимдик жашообуз там терсинен.

Экөөбүз нике түндөн баштап эле төп келбей келебиз. Төп келди дегенде, мен канааттанбай келем. Эки жылдан бери бир дагы жолу “өз ишимди бүтүрө” албадым. Жолдошум бул иште бир аз олдоксон. Башын жакшы баштап эле, “ишин” аягына чыгара албай чарчап калат. Ден соолугу чың, ал жагынан көйгөй жок. Бирок жыныстык жашоодо жүдөө.

Эң күлкүлүүсү жана кейиткени кыздыгымды жолдошум эмес, гинекологум кокусунан ажыратты. Турмушка чыгып, жашаганыбызга 2-3 ай болуп калган маал эле. Дарыгерге текшерилгени баргам. Гинеколог текшерип жатып бир убакта кыздыгымды тешип алды. “Ой, сиз турмуштамын деп айтпадыңыз беле? Сиз кыз турбайсызбы!” деп чочуп кетти. Өзүмүн таң калганымды айтпай эле коеюн. Жолдошумун ушул ишке алы жетпегени бир туруп жиним кайнап, бир туруп боорум ооруп кетти. Экөөбүз төшөктө жатып эле жүргөнбүз, бирок мага ыңгайсыздык, оорулуу болуп жаткан. Көнүп кетем деп жүргөм. Кыз бойдон жүргөнүмдү кайдан билди дейсиз? Бул нерсе жолдошума дагы катуу тийди. Көпкө сүйлөшө албай жүрдүк. Бирок аны менен дарыгерлерге чогуу баралы деген сунушту түк кабыл албайт. Эркектик намысына тиет. Башкалар билип калат деп уялат. Андан да ал өзүнүн ишин дайыма бүтүрүп алат. А мен болсо ошол күндөн бери канааттанбай келем.

Интернет, китептерден окуп, көп түрлөрлүн жасап көрдүк. Жолдошум мен каалаган нерселерди жасап да көрдү, бирок мени кандыра албай жатат. Мунун артынан урушуп дагы кетебиз. Кээде туруп башка бирөөгө басып кетсемби дейм, уятыма чыдабайт. Же туруп ажырашсамбы дейм, бирок жолдошум сонун адам. Гинекологумдан башка эч ким билбейт. Мындай көйгөйүмдү кимге айтмак элем? Адистин кеңешине муктажмын.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.09.2021, 15:27

Наталья Ивахник

Сексолог, психотерапевт

Кутмандуу күнүңүз менен! Сурооңуз үчүн рахмат!

Алгач бир нерсени айтып коеюн, эч бир адис күйөөң менен ажыраш же ажырашпа айта албайт. Бул сиздин жеке тандооңуз болот, чечимдериңиз үчүн өзүңүз гана жооптуусуз.

Кыздыгыңызды гинеколог бузуп алгандыгы боюнча, бул нерсе физиологиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу болот.

Сурооңузда күйөөңүздө баары жакшы экенин, болгону сиз оргазм алалбай жатканыңызды жазыпсыз. Бирок, сиз колуңуздан келген нерсенин баарын жасап көрүүүгө, китеп окууга аракет кылып жатыпсыз, бул абдан жакшы. Китептерде көптөгөн пайдалуу маалыматтар бар.

Бирок оргазмды башыңыздан кечирүүгө эмне тоскоол болуп жатат аныктап, муну менен күрөшүү керек. Бул жерде адистин жардамы керек.

Эгерде күйөөңүз менен биргеликте, жана сиз өзүңүздүн үстүңүздө иш алып барсаңар, анда сексуалдык жашооңор канааттандырарлык болот.

Баарын үйрөнсө болот! Бат эле моюн сунуп бербеңиз.

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт