Балдарымды таштап Россияга кетсем, жаман апа болуп каламбы?
Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын. 2 баланын энесимин, чоң кызым 3 жаш, кичүү уулум 1 жаш болот. Турмуш шартка байланыштуу жолдошумдун артынан иштегени Москвага кетип жатам. Балдарымды чоң энеси менен таенесине таштап жатам. Азыркы абалымды сөз менен жеткизе албайм. Жүрөгүм тилинип ыйлап жатат. Балдарымдын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип, алар менен болгон жылуу байланышты жоготуп аламбы деп корком. Кетпей алар менен болоюн десем, жолдошум 6 айдан бери Россияда. Көп убакыт алыста жүрсөк ортобуз сууп үй-бүлөбүз сакталбай калабы деп корком. Ошол себептен жанында болуп, үй алалы деген максатыбызга тезирээк жетсек дейм. Бирок балдарым... Айтыңызчы мен туура эмес кылып жатамбы? Кандай болбосун балдарымды таштабашым керекпи? Мен жаман апамынбы?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Жүрөгүңүз сизди алдаган жок. Эне баласын таштап кеткенде, ортолорундагы эмоционалдык байланыш үзүлөт. Анын кесепети баланын келечегенине тиет. Айталы, баланын ичинде апасына болгон таарыныч пайда болот. Ооба, сизде диллема болуп жатат: күйөөңүз менен балдар. Мындай тандоо жасоого мажбур болгонуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Балдарды өзүңүз менен алып кетсеңиз идеалдуу болмок. Тилекке каршы, жашоо биз ойлогондой боло бербейт. Сиз азыр туура айтып жана ойлонуп жатасыз. Бул жерде күйөөңүз экөөңөр ачык сүйлөшүп, балдарды таштап ал жакка кетүү канчалык маанилүү экенин чечкиле. Балдарыңар силер жасаган тандоодон жабыркап калбагандай чечим кабыл алгыла. Эмне кылуу керек экенин өзүңүз билесиз. Ийгилик каалайм!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.