Ашкана сырлары: Сүйүктүүңүзгө жүрөк формасында пицца жасап бериңиз
2019.02.14, 14:57
1932
Салам достор! Бизде сүйүү майрамы үчүн сонун идея бар. Жүрөк формасында пепперони пиццасын жасап, сүйүктүүңүздү кубантыңыз. Баары жөнөкөй, минимум азык талап кылынат, 15 мүнөттө даяр болот. Кеттик анда!
Жүрөк формасындагы пепперони пиццасы
Керектүү азыктар:
- Камыр - сатып алынган же колго жуурулган
- 2 аш кашык зайтун майы
- Пепперони колбасасы
- Пицца үчүн соус
- Сүргүчтөн өткөрүлгөн моцарелла сыры
- Майдаланган петрушка же базилик.
Даярдоо ыкмасы:
- Мешти 450°С чейин ысытабыз.
- Пепперонини бөлүктөргө бөлөбүз.
- Камырды жайып, жүрөк формасына келтиребиз.
- Бетине соусту сүртүп, пепперонини тизип, сырды себелеп, учтарын бекитебиз.
- Даярдалган пиццаны мешке салып, 15 мүнөт бышырабыз.
- Бышкан пиццаны мештен чыгарып, четтерин май менен сүртүп, үстүн петрушка же базилик менен жасалгалайбыз.
Тамагыңыз таттуу, сүйүүңүз бекем болсун!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.