// //

Апамдын айтканын укпай сүйлөшкөн жигитимдин кылган жоругу бул

2021.09.20, 13:53
4764

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Атым Каражан. Болот дайыма ушинтип эркелетет болчу. Экөөбүз жаштыктын от болуп жанып турган кезинде кыз-жигит болуп төрт жыл сүйлөштүк. Байкелери, жеңелери, эжелери менен сыртынан тааныш элек. 

Болотко турмушка чыккан мындай калсын, "жанына жолобо", "бул сени талаага таштап кетет", "эгер ушуга тие турган болсоң топурагымды түйүп берем" деп апам айтат. Эжекем "азыр жолугушууга кете турган болсоң, сендей сиңдим жок" деп кесе айтчу. 

Болотту ак эткенден так этип, көзүмө эч нерсе көрүнбөй сүйдүм. Күн, түн, таң келсе да үйдөгүлөрдүн каршылыгына карабай, эшикти тарс жаап чыгып кетет элем. Ал күндөрдүн баары эсимде. 

Жакшы эле сүйлөшүп жатканбыз. Бир күнү эле телефонго таптакыр жооп бербей калды. Эртеси өзүнүн классташ кызына үйлөнүп айылга кетип баратканын дос баласынан уктум.

Андагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Ыйладым, ызаландым. Аркасынан барып көшөгөгө олтуруп алгым келди. Намыстандым, ата-энемди, бир туугандарымды ойлодум. Элден уялдым. Кала бердим.

Башында жаман болдум. Апамдарга  "силер үчүн ага маакул болгон жокмун, мына башкага үйлөнүп кетти” деп калп айттым. Анан эмне демек элем? "Силерге каршы чыгып, жашоомду арнагым келген сүйгөнүм, мени таштап кетти" демек белем? 

Аябай кыйналдым. Унутуп коё албайт экенсиң. Бирок, мезгил, убакыт бардыгын ордуна коёт тура.

Өмүрлүк жолдошумду жолуктурганга чейин бир дагы жигит купулума толгон жок. Болоттун таштап кеткени деле жакшы болуптур деп ичимен ыраазы болуп калам.

Андан бери туура он бир жыл өттү. Соонун, камкор, үй-бүлө дегенде жанын берген, балдарым дегенде ичкен ашын таштай койгон, мени, үй-бүлөмдү сыйлаган жакшы адамга турмушка чыккам. Азыр бактылуу эне, сүйүктүү жармын.

Буга чейинки кыздын окуясын окуп алып жазып жатам. Өзүмдүн башымдан өткөргөн окуядан улам бардыгын жакшылыкка гана жооруп коюңуз, демек ушундай болушу керек болчу деп айткым келет. Өзүңүздү колго алып алдыга гана умтулуңуз.

АДИСТИН ПИКИРИ

Айдана Мадишова, психолог 

Окуяңыз татаал жана эмоцияларга бай экен. Эң негизгиси оор кырдаалдан чыгып, өзүңүзгө убакыт берип жашооңузду туура жолдо улантып кетиптирсиз. Азамат экенсиз.
Жашырбай, өз окуяңыз менен бөлүшкөнүңүз учун рахмат. Бул окуя башкалар үчүн да сабак болот деп ишенем. Сизге, үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот: https://bilesinbi.kg/tag/11/articles/1/

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт