// //

Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып, башкага үйлөнүп алыптыр

2021.09.17, 17:35
7386

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитинин эки жүздүүлүгү жөнүндө айтылат. 

Болочок кайын энем менен жакшы мамиледе болчубуз

Саламатсызбы. Учурдагы абалымды, душманыма да каалабайм. Анда эмесе, кеп башынан болсун.

Жигитим экөөбүз мектептен бери кыз-жигит элек. Сүйлөшкөнүбүзгө 8 жыл болгон. Быйыл күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Ата-энелерибиз таанышкан. Болочок кайын энем менен мамилебиз жакшы болчу.

Ата-энеси экөөбүзгө деп батир алып берген. Ремонтун чогуу жасадык. “Оңдоп-түзөө иштери бүткүчө, досумдукунда жашап турайын” дегенинен макул болгом. Мындай болоорун кайдан билдим...

Жаңы-жылдан кийин ошол досунун тоюна бармак болду. Эмнегедир мени чакырбады. Жаман оюм жок, “жылуу кийинип ал, ооруп калба”, - деп узаткам. Кеткен боюнча жок. Канча жолу телефон чалдым.

Бир күнү байкеси байланышка чыкты.

- Бизди кечирип кой, Улан (аты өзгөртүлдү) үйлөндү.

- Байке, тамашалап жатасызбы?

- Тамаша айткан жерим жок.

Трубканы коюп койду. Бул эмнеси? Кайра апасы чалды.

- Кызым, кечирип кой, уулубуз үйлөндү. Билем, сенин алдыңда күнөөлүбүз. Тилибизди албай койду. Кечир бизди!

Көрсө, Улан ошол досунун карындашын алыптыр. Ал кызды тааныйм, мени “эже” деп сыйлап турчу. 8 жыл бирге экенибизди, күзүндө баш кошоорубуздан да кабары бар эле.

Инстаграмга кучакташып түшкөн сүрөттөрүн жүктөшөт. Көргөн сайын ичим туталанат. Улан бир жолу чалып, эмне үчүн мындай кылганын айтып да койгон жок.

Кайсы жерден, качан жаңылдым? Эмнеге мени мындай абалга калтырды? Суроолор көп, жооп жок. Мага жардам бергилечи!

Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg

Кымбаттуум, абалыңызды түшүнүп турам. Мындай окуяга кабылганыңыз абдан өкүнүчтүү, сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам.

“Менин күнөөм эмнеде?” деген суроого жооп издеп жатасыз. Сизге айтаарым, сиздин эч кандай күнөөңүз жок. Эмне үчүн сиз айыптуу болушуңуз керек? Ал жигиттей адамды сүйүп, ишенгениңиз үчүнбү?

Жаратыңыз калыбына келип, болуп өткөн нерселерди унутканга убакыт керек. Кабатыр болуп, ыйлап  жатканыңыз нормалдуу көрүнүш. Себеби, сиз тирүү адамсыз, ага болгон үмүтүңүз бар эле, турмушка чыгууну каалагансыз, ишенгенсиз. Учурдагы абалыңыз, жаман же алсыз экениңизден кабар бербейт. Тескерисинче, жигитиңизге болгон сезимдериңиз анык экенин айтып турат.

Мүмкүн, “жигитим ак ниеттүү адам, анын жалгызымын”,-деп ойлогонсуз. Балким, анын башкалар менен параллелдүү мамилеси болгон. 

Башыңыздан мындай окуя болуп өткөнү бир жагынан өкүнүчтүү, экинчи жагынан кайра жакшы. Кылганына караганда, ал жигит эки жүздүү адам. Турмушка чыксаңыз, мындан да жаман болмоктур.

Учурдагы абалыңыздан чыгуу үчүн жакындарыңыздан, курбуларыңыздан колдоо алыңыз. Шартыңыз болсо, психологго кайрылыңыз.

Сизде баары жакшы болот. Өзүңүзгө кам көрүңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт