// //

Кызымды жолдошумдун ыраазычылыгын албай өз атыма өткөрсөм болобу?

2021.09.17, 12:34
1252

Жолдошум менен ажырашкам. Сотко берсем алимент өндүрүп бербей жатат. 9 жыл болду. Эми Россияга кызымды алып кетүүгө туура келип жатат. Кызыма каралашпаса, алимент төлөбөсө, жардам бербесе башка айлам жок. Жолдошум башка фамилия менен Россияга кеткен, азыр дареги мага белгисиз. Ошондуктан кызымды өзүмдүн атыма жолдошумдун ыраазычылыгын албай сот аркылуу өткөрсөм болобу? Таштап кетүү азыр коркунучтуу, балдар туугандардын колунда ар кандай кордуктарга кабылууда.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.09.2021, 12:34

Шохсанам Умаркулова 

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы, урматтуу окурман! Эгер сурооңузду “жалгыз бой эне” боло аламбы деген мааниде берген болсоңуз, андай болуу мүмкүн эмес. Себеби, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деген графада атасынын аты көрсөтүлгөн.

Россияга алып кетүү маселесине келсек, кызыңызды алып кетүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, баланы аталык укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 75-беренесинде көрсөтүлгөндөй “Ата-энелик укуктардан ажыратуу сот тартибинде жүргүзүлөт. Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (аларды алмаштыруучу адамдардын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдардын же мекемелердин (балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн, балдардын иштери боюнча комиссиялардын, жетим балдар жана ата-энеси карабай кеткен балдар мекемелеринин ж.б.) арызы боюнча каралат.”

Экинчи жолун айта кетсем, Кыргыз Республикасынын Ташкы миграция мыйзамынын 40-беренесинде айтылган “Кыргыз Республикасынын 18 жашка жете элек жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же алардын биринин өтүнүчү болбогондо, жашы жете электерге соттун чечими боюнча чыгып кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн.”

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 71-беренесинде “Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен, ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бул талаш-тартышты карайт жана чечет” деп көрсөтүлгөн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт