// //

Кыз-келиндерди кыйнаган "оорулар"

2018.03.01, 16:10
10639

Гинекологиялык суроолор кыз-келиндер арасында өтө арбын. Бойдон түшүү же сактануунун жолдору, жагымсыз жыттар менен келип жаткан суюктук, ошондой эле табигый айыз келүү учурундагы оорулар тууралуу көпчүлүк кыз-келиндер биле беришпейт. Көпчүлүгүнө апасы же эжелери атайын айтып үйрөтпөгөн соң, турмушта өз баштарынан гана өткөрүү менен акырындан биле башташат. Мына ушул гинекологияга байланыштуу суроолорго Атыргүл Иманалиева жооп берди.

 

  • УЗИге түшкөндөн кийин эки айлык боюмдан түшүп калды. Эми канча убакыт сактанышым керек?

Боюңуздан түшүп калгандан кийин ооруканага барып текшерилип жатынды тазалатып, бир сыйра дарыланган болсоңуз сактанып кереги жок. Эгер дарыланбаган болсоңуз кийинки балаңыздын түшүп калуу коркунучу бар, андыктан гинекологго текшерилип, дарыланууну сунуштайм.

  • 8 айлык кош бойлуумун, жыныстык жагымдан жагымсыз жыттанган суюктук келет. Төрөтүмө зыянын тийгизбейби?

Боюңузда бар кезде суюктук келет, бирок жагымсыз жыттанбашы керек. Жагымсыз жыттанган суюктукта оорунун белгиси бар. Төрөткө, балаңызга зыянын тийгизет. Көбүнчө ымыркайдын көзү чылпактап төрөлөт жана көп убакыт айыга албай бала кыйналат.

  • Менде фоликулярдык киста бар. Этек кирим 3 ай кармалып калат. Бүгүн жатыным толгоо болгондой өтө катуу ооруду, бирок этек кирим келген жок. Мурун ооруганда келип калчу. Догдурга барсам киста жарылыптыр деген. Этек кирди чакыра турган дарылар барбы? Кош бойлуу болууну абдан күтүп жатам.

Киста бул рак илдетине алып баруучу оору, аны олуттуу кабыл алып дарылануу керек. Айыз келээрде өтө катуу ооруганы, сиздин илдеттин бирден бир себеби боло алат. Кош бойлуу болууну каалап жатсаңыз шашылыш түрдө, догдурга көрүнүп дарылануу абзел.

  • Мен 21 жаштамын, 8-классымда этек кирим келген, 10-класстан баштап этек кирим келгенде оорусуна чыдабай дары ичем же укол алам. 2 жолу дарыландым бирок 1, 2 ай жакшы болуп эле анан кайра эле ооруп баштайт. Буттарым, белим, оң жак бөйрөгүм кошо сыздатып, сол тарабым менен жата албай калам. Акыркы учурларда көңүлүм айланып, температура жогору болуп калды. Эмне кылсам болот?

Мындай көрүнүш көпчүлүк аял затында болот, кээ бири этек кири келген учурда кадимкидей тумоолоп калат. Апаңыздан сурап көрүңүз анын айызы кандай болуп келээрин, апасыныкына окшошуп калгандар да жок эмес. Ал эми ооруну токтотуучу дарыларды колдонбоңуз, себеби дарылар ооруну эле эмес айызды да токтотуп, гормондордун бузулушуна алып келет.

  • Мен апрель айында 13 жумалык түйүлдүгүмдү алдыргам, андан бери боюмда болгон жок. Этек кирим 3 ай катары менен келип, кайра 2 ден 8 айга чейин кармалып калат. Азыр арыктап баратам, көкүрөгүм дагы кичирейип кеткендей.

Көкүрөгүңүздүн кичирейип кетиши арыктап жатканыңыздан болсо керек. Боюңуздан кандай жол менен алдыргансыз, жатынды кырдырыппы, дары ичиппи? Эгер жатканыңызды кырдырып түйүлдүктү алдырган болсоңуз кош бойлуу болбой жатканыңызга себеп боло алат. Негизи бойдон алдыруу жатын ооруларына, гормондук бузулууларга алып келет.

  • Мен турмушка чыкканыма 1 жыл болду боюмда жок. 1жыл мурун жатыным гипоплазия 3-баскыч болчу, азыр жатындын өлчөмү узуну 44 мм, калыңдыгы 30 мм, туурасы 41 мм болду. Бул канчанчы баскыч болот?

Бул нерсени текшерип, өз көзүң менен көрмөйүн айтуу кыйын. Андыктан гинеколог-эндикринологго кайрылып текшерилүү керек.

  • Петтинг  кылса уруктук түшөбү?

Петтинг деген эрогендик зона аркылуу кумарлануу. Өбүшүү, кучакташуу, сыйпалашуу аркылуу жүрөт, бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Петтинг кылганда уруктук түшөт.

  • Менин жашым 17 де, айызым келгенде табарсыгым аябай ооруп, алсызданам. 4-5 күн келет, көбүнчө 3-күнү чыдабай калам. Келээрдин алдында белдерим абдан ооруйт. Кадай дары ичсем болот?

Эч кандай дарыны ичип кереги жок, дары айызды токтотуп, гормондук бузулууга алып келет. Кээ бир кыздардын айыз учурундагы табарсыгынын, белинин оорусу турмушка чыкканда токтоп калат. Мүмкүнчүлүгүң болсо этек кир келген учурдун 5-күнүндө, оруканага келип УЗИге түшүп, мазок тапшырып текшерилип койсоң болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
N
Narynbekova A(замужем)
16.11.2018, 17:09

Саламатсызбы?Менин сурайын дегенин боюмда 8недель болуп жүрөгү сокпой калып,анан таблетка ичип тушурдум.Азыр лечения алып бүттүм,сактанбай эле койсом болобу?же 3ай сактануу керекби?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт