Атам эмне үчүн кыз узатуумда эшикке чыкпай койгонун билип ыйладым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
"Атам кана?" Баарыбыз издеп калдык. Мен атам менен коштошмойун машинага түшпөйм дедим. Иним үйгө чуркап кетти. Апам жанымда, атам жок. Мен үчүн маанилүү болгон күндө узатпай коебу?
Атам оор басырыктуу киши. Өтө сүрдүү. Көп сүйлөбөйт. Жумушуна барып келет. Үйгө келип мал менен алек болот. Кечкисин китеп окуйт. Кээде биз менен отуруп ютубдан кино көрөт.
Атам бизди жүрум-туруму менен тарбиялады. Китеп окуганын көрүп биз китеп окудук. Үй иштерин жасаганын көрүп биз жумуш жасадык. Эл алдында өзүнүн алып жүргөнүн көрүп биз башыбызды көтөрдүк. Апама көрсөткөн сыйын көрүп бирөөнү сыйлаганды үйрөндүк. Кийингенин көрүп биз кийиндик.
"Атаңар аябай сүрдүү ээ, коркпойсуңарбы?" Классташтарым ушинте беришчү. Эмнеси сүрдүү деп ойлочумун. Бирок, чоңойгондо чын эле ошондой экенин билдим. "Азамат кызым" деп эле чачыман сылап коет. Ушул нерсе эле мен үчүн баалуу эле.
Иним келди. Көздөрү жашылданып калыптыр.
- Атамды таптыңбы?
- Ооба...
- Баары жакшыбы? Кайда экен? Эмне болду?
- Сиздин бөлмөдө отурат.
Инимдин ыйлаганын көрүп үйгө чуркап жөнөдүм. Артыман туугандар келаткан, иним аларды токтотуп койду.
Бөлмөм. Атам мамалагымды сылап керебетимде отуруптур. Эшикти ачсам шарт мени карай калды. Болушунча ыйлап алыптыр. Чуркап барып кучактадым. Атам мени катуу кучактап, ыйлай берди.
"Сенин бой жеткениңди кабыл алалбай жатам кызым. Ар дайым жумуштан келгенде дароо ушул бөлмөгө келип, сенин уктап жатканыңды карап тура берет элем. Көзүңдү ачып алып уктачусуң. Оозуңдун баары шоколад. Апаң экөөбүз бетиңди жууп жатканды эч эле үйрөтө албадык (жылмайып). Чынын айтайынбы, мага ошол бетиңди өпкөн жакчу. Ар дайым таттуу элең, кызым. Эми минтип кетип баратасың. Чачын ак баскан атаң эми кимди карайт кызым..."
Биринчи жолу атамды мындай абалда көрүшүм. Ыйладым. Макияжымдын баары атамдын ак көйнөгүн булгады. Анан экөөбүз ээрчишип конокторго чыктык. Атам чекемен өөп, күйөө баласы экөөбүзгө батасын берди.
Ата мен сизди жакшы көрөм...
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды
Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди
Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү
“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес
Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат