// //

Жигитим мага эмес, кыздыгы бар бирөөгө үйлөнөрүн айтты. Бир кыздын баяны

2021.09.08, 11:04
28175

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялап, адистин кеңешин сунуштайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жашым 28де, үйдүн эң кичүүсүмүн. “Дагы эле күйөөгө тие элексиңби” деген суроодон тажап жүргөн чагым. Ооба, чыга элекмин, анын себеби бар. Анткени, алты жыл сүйлөшүп жүргөн адамым жакында башкага үйлөндү.

Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жылдын жүзү боло элек. Ачык мүнөз, кичи пейил, терең ой жүгүрткөн адам эле. Шаарда өскөн, салттуу көз караштардан алыс. Кыскасы көңүлүмө төп келген жигит болчу.

Алты жыл ичинде экөөбүз көп сыноолордон өттүк. Аягында бир бүлө болорубузга көзүбүз жетти. Ата-энелерибиз чечимибизди колдоду. Ал учурда үй-бүлөм карызга батып турган мезгил эле. Тойду жылдырдым. Эң негизгиси сүйгөнүм жанымда. Биз бактылуу болчубуз.

Сүйлөшкөнүбүзгө беш жыл толгон кез. Жигитим жыныстык катнашка барууну сунуштады. Башында ачык айтуудан уялса, кийин “чыдабай баратам” деген шылтоолор, таарынычтар башталды.

Өзүм деле улуу эжелердин “күйөөм менен төшөктө төп келбейбиз, балдар үчүн эле жашап жүрөм” деген сөздөрдү көп угуп, ойлонуп калат элем. Коомубузда мындай нерселер ачык айтылбайт. Бирок анын кесепетинен ала жипти аттагандар толтура. Турмуш кургандан кийин сүйүүнү кубаттап турган нерсе керек: жыныстык катнаш. Муну ачык айтуудан уялабыз, бирок мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Жыныстык катнашка бардык. Тилекке каршы, төшөктө төп келбедик. 5 жылдан бери жанып келаткан сүйүүбүздүн жыйынтыгы ушундай болду. Пикир келишпестиктер башталды. Ичибизден сызып ыйладык.

Күтүүсүздөн апаман айрылдым. Асманым кулады. Күйүтүмө чөгүп кеттим. Жалгыз сырдашым жигитим болуп калды. Ага мурункудан да көбүрөөк байландым. Үйгө келсем апам жок, томсоруп, жалгызсырайм. Өзүмдү колго алып, жашоомду улантууну чечтим. Жигитиме “нике кыйдыралы, тойду кийин беребиз” десем, шашпай турушумду айтты.

Туптуура бир жумадан кийин мындай деди: “Башканы жолуктурдум. Сага болгон сезимдерим жоголуп кетти. Себебин билбейм, ушундай болуп калды, кечир...”
Кетип баратып төшөктө төп келбегенибизди эске салды. Эң жаманы “сенин көйгөйлөрүңдөн, карыздарыңдан тажадым” деген сөзү болду. 6 жылдык сүйүү баяныбызга чекит коюлду.

Ичимен “эми турмушка кантип чыгам” деген суроо жей турган болду. Бир туруп өз адамымды жолуктурсам бул нерсеге карабашы керек дейм. Кээде оюман кайтам. Себеби коомубуз мындай нерсеге даяр эмес, мен жасаган иш уят, шерменде.

Жакында бир жигит менен тааныштым. Дароо тил табышып кеттик. Мамиле кура баштадык. Мени караганда көздөрү башкача жайнайт. Сезимдерибиз күчөдү. Төшөктөн төп келдик. Аялзаты катары биринчи жолу өзүмдү бактылуу сездим.

Ал күн дале эсимде. Божурашып отурганбыз.

- Кыздыгы жок кызга үйлөнөт белең?
- Жок. Үй-бүлөм бул нерсеге чоң маани берет. Өзүм деле ошол ойго кошулам. Сен мага бардык жагынан жактың, бир гана “бирок” деген жериң бар. Аны өзүң деле түшүнүп турасың.

Жаратым сыйрылды. Бул башыма түшөрүн жигитим таштаган күндө эле элестеткем, бирок мынчалык катуу тиерин билбегем. Өзүмдү дүйнөдөгү эң булганган адам сездим. Кирерге жер таппай калдым. Болгон күйүтүмдү, ачуумду ый менен чыгардым.

Эми кантем? Кыздыгымды учурунда сүйгөмүнө арнап койгонум үчүн үй-бүлө кура албай каламбы? Адамдык сапаттарымчы? Көңүлүмө төп келген дагы бирөө ушинтип теңине албай коебу? Эмне үчүн кыздыкка мынчалык чоң маани берилет? Ал эмне жашоодо бакыт тартуулаган жалгыз гана нерсеби?

Адистер кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Катыңызды окуп жатып, жан дүйнөмдө ар кандай сезимдер пайда болду. Эми ал ойлорум тууралуу бөлүшүп кетсем. 

Ооба, биздин менталитетке туура келген маданий баалуулуктар жана каада -салттар бар. А сиз аларды бузууга жол бердиңиз, бирок, бул сиздин укугуңуз жана тандооңуз, салттарды карманасызбы же жокпу бир гана өзүңүз чечесиз.

Сиз бой жеткенсиз, чоң адамдай болуп никеге чейин жыныстык жашоо менен жашап көрүүнү чечтиңиз. Ошол эле учурда менталитетибизге ылайык тандооңуздун кесепеттерин кабыл алышыңыз керек.

Түшүнгөнүм боюнча, жигиттериңиз сиз менен сексуалдык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жашашат. Ал эми үйлөнгөнү келгенде салтка ылайык дешип кыздарды тандашат. Сиз муну адилетсиз деп ойлойсуз, бирок биздин коомдогу маданий феномен ушундай.

Жыныстык жашоо менен жашоону чоң кишидей болуп өзүңүз чечтиңиз. Ал эми "Эми эмне кылам?", "Муну менен кантип жашайм?" ж.б. сыяктуу суроолоруңуз кийинекей баланын позициясы. Кантип жашоо керек экенин өзүңүз гана билесиз.

Балким, салтуу көз караштагы үй-бүлөгө бүлө болбой калууңуз ыктымал, бирок коомубузда бул маселеге калыс караган башка үй-бүлөлөр дагы бар экенин унутпайлы. 

Чоң кишилердин жашоосу - бул өз алдынча чечим кабыл алып кандайдыр бир иш -аракет жасоо жана ал тандоонун кесепеттери үчүн жоопкерчилик алуу.

Сизде баары жакшы болот деп ишенем. Бактылуу болуңуз!

Тамара Воронцова, психотерапевт

Байкап көрсөңөр, кыздар биринчи сунуштабайт, кыздыкты сакташ керек деген ойду карманган эркектер өздөрү кызды азгырууга болгон күч аракеттерин жумшайт. Ошондо эркектер  мыйзам ойлоп табып, аны кайра өздөрү бузабы? Бул эркектин тарбиясынын, рухий баалуулуктарынын жоктугунан улам болот.

Адамдарга билим жана руханий жактан тарбия берүү керек! 

Кыздык белгисин биринчи кезекте кыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сактасын. Эмнеге дайыма кызды күнөөлөйбүз да, ал эми эркектер жоопкерчилик алышпайт?!

Кызды бала азгырды дейли, анда кыздар, кымбаттууларым, силер өзгөргөн жоксуңар, кандай болсоңор ошондой элесиңер, болгону күнөө сезими кийинки жашооңузду бузуп коюшу мүмкүн. 

Европа өлкөлөрүн алсак, эркектер аялдарды башка критерийлер менен тандайт: ортодогу сүйүү, сый-урмат, жалпы кызыкчылыктар менен максаттардын дал келүүсү. Ал сенин адамыңбы же жокпу мына ошол маанилүү! Эркек балдарды жаштайынан жоопкерчиликтүү кылып тарбиялайлы!

Кыздарды азгырууга даяр, ал эми жубайлыкка кыз издешет. Логика кайда?!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт