// //

Жолдошум жумуштан келээри менен кайын энем эси ооп кулап түштү

2021.09.03, 10:11
6686

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жолдошум эмгекчил адам. Базарга башкалардан биринчи барып алат. Эки жагын жыйнаштырып, суу сээп олтуруп калат. 

Кроссворд толтурганды жакшы көрөт. Акырын ырдап, ручкасы менен улам башын тырмап коюп олтурат. 

Түшкү тамагын даярдап, кичүү уулумду жетелеп базарга барам. Уулун эркелетип, менин чекемен өөп узатып жиберет. 

Үйдөн кайын энем экөөбүздүн жумуштарыбыз бүтпөйт. Апама дагы гүл баккан аябай жагат. Кобурашып ишибизди кылып жүрө беребиз. 

Улуу балам тентек. Бир күндө кийимин жок дегенде үч жолу алмаштырам. Кызым болсо созолонуп, кайра-кайра чачын тарап, көйнөктүн түрүн кийгиси келип калды. Эркебиздин эч нерсе менен иши жок. Курсагы тоюп, атасы жумуштан келсе болду. Улам дарбазаны карап атасын күтөт. Чыр салып ыйлабайт дагы. Курсагы ачса чоң апасына барып “ням-ням” деп калат. 

Апамдын сунушу менен казанга дымдама жасамай болдум. Мен картошка аарчып, эт туурагыча кайын энем от жакты. Ары-бери басып мага жардам берип жүрдү. 

Кайын энем менен тил табышкан мен эле болсом керек деп калам. Башкалардын айтымы боюнча “желмогуз кемпир”. Мен бул үйгө келгени заарын чачып, жаман сөз сүйлөгөн жок. 

Ошентип тамакты астык, апам эс ала турайын деп бөлмөсүнө кирип кеткен. 

Жолдошум келип балдарын эркелетип жаткан. Бир маалда апам бөлмөсүнөн чыгып келе жатып кулап түштү. 

- Апа-аа! Апааа! Эмне болуп кетти? 

- Жаңыле жакшынынакай басып жүргөн.

- Энее-е, апаа-аа! 

- Суу менен чүпөрөк алып келчи. 

Жаткырып, чекесине суу чүпөрөк койдук. Колдорун, буттарын ушалап, апалап коебуз. Унчукпайт. 

- Сенин алдыңда эле басып жүргөн. Маанайы деле жакшы болчу. 

- Мен доктур алып келейин. Сен карап тур. 

Жолдошум чыгып кетти. Апамдын чекесиндеги чүпөрөктү алдым да акырын. 

- Апа бул эмне кылганыңыз? Балаңыздын жүрөгү түшүп калды го. 

- Ай ботом, анан мага деле көңүл буруп койсо болот да. Эртең менен кетет, кечинде келет. Кичине кобурашып, өткөн-кенткендерди сүйлөп турса жакшы болмок. 

- Кокус туура эмес кулап бир жериңиз сынып кетсе эмне болот? 

- Ал деле оюма келбептир. 

- Чекеңизге муздак суу басып алып өзүм коркуп кеттим. Ооруп калып балээге калбайлы деп. 

- Ой, аны силер бөлмөдөн чыгаарыңар менен алып коеюн деп жаткам. 

Жолдошум шашып доктурду алып келиптир. Текшерип бары жакшы экенин айтып кетти. 

Кечинде жолдошума болгонун айтып бердим. Күлүп алдык. Чындап эле апама көңүл бурбай калыпмын, бул кылыгымды оңдоюн деди. 

Бактылуу күндөрүбүз көпкө узабай жолдошум, бир жыл айланбай кайын энемен айрылдым. Балдарымды бекем кучактап тагдырга баш ийип жашадым. 

Кайын энемдин кылыктарын эстесем жүзүмө жылмаю келет. Бактылуу күндөрүм эске түшөт. 

Апам чоң кайын энем менен болгон окуяларын айтып берип боорубузду эзет. Силер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. 




Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт