// //

Стипендиялык программалар: Кытайга окууга кабыл алуу башталды

2019.02.11, 11:02
2426

Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына  2019-2020-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил стажировкасына 14 мамлекеттик стипендия бөлүндү.

Бакалавр жана кытай тили стажировкасына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. Арыз;
  2. Анкета;
  3. Англис жана орус тилдеринде резюме;
  4. Паспортунун көчүрмөсү;
  5. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окуудагы жетишкендиги тууралуу табелдин көчүрмөсү;
  6. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүк (милдеттүү түрдө);
  7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (милдеттүү эмес);
  8. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  9. Кытай Эл Республикасына кетип жаткандар үчүн медициналык маалымкат жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүк (түп нускасы +  1 көчүрмө);
  10. Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
  11. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн керектүү документтер тизмеги:

  1. Арыз;
  2. Анкета;
  3. Англис жана орус тилдеринде резюме;
  4. Паспортунун көчүрмөсү;
  5. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн диплому же окуудагы жетишкендиги тууралуу табелдин көчүрмөсү;
  6. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүк (милдеттүү түрдө);
  7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (милдеттүү эмес);
  8. 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  9. Кытай Эл Республикасына кетип жаткандар үчүн медициналык маалымкат жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүк ( түп нускасы + 1 көчүрмө);
  10. Окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
  11. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат;
  12. Илимий изилдөө макалалардын көчүрмөсү (эгер болсо);

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тандоо  2019-жылдын 4-5-мартта конкурстук негизинде өтөт.

Конкурска катышуу  боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

  • Бакалавр программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;
  • Магистратура программасы боюнча - 35 жашка чейин;
  • Докторанттар программасы боюнча - 40 жашка чейин;
  • Кытай тил стажировкасы программасы боюнча – 18 жаштан жогору болушу керек.

Документтер 2019-жылдын 1-мартына (саат 17.00) чейин тапшырылышы зарыл!

Дареги: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220 кабинет

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Жүктөп алуу: Анкета.docx

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт