// //

Кайын атам кемпирими жаныма алып келип койгула деп ыйлаганын унутпайм

2021.08.28, 12:10
4157

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөмдүн ыйлаганын биринчи жолу көрүшүм. Кучактап отурдум. Ушундай буулугуп ыйлады. Анан тиземе жаткан бойдон уктап калды. Чачынан сыладым. Бутум уюп чыкты. Бирок, ойготуп албайын тургузбадым. 

Кайын атам менен кайын энем пенсионерлер. Жетимиштен ашып калышты. Келин болуп келгениме алты жыл болду. Экөөнүн оорудум дегенин укпадым, эркелеп балдарын кыйнаганын көрбөдүм. Жумуш кылып эле жүрө беришет. Качан үйүнө барбайлы баары таза, өз ордунда. 

Кайын энемди балдары үйүнө көп алып кетишет. Мисалы, "апа, тойго барып келели, балдар менен отуруп турасызбы", "апа, коноктор келет экен, балдар менен отуруп турасызбы", "апа, аяштар менен отурушубуз бар эле, балдар менен отуруп турасызбы" ж.б. Биз деле бир-эки жолу балдары таштап кеткенбиз. 

Кайын атам экөө неберелерин башкача жакшы көрөт. Ар бир небересине тоок, кой энчилеп коюшкан. Балдарыбыз үйүнө барганда дароо сарай жагына чуркашат. "Мына меники!" дешип козуларын көрүп сүйүнүшөт. 

Күйөөм экөөбүз кабар алганы барганбыз. Кайын атам үйдө жалгыз экен. Апамы сурасак кайын эжем алып кеткенин айтты. Канча күн болду десек, бир жумадан ашып калыптыр. Бүгүн келмек экен. Мен үйдү жыйнап тамак жасадым, кирлерди жууп жайып койдум. Кайын атам рахматын айтты. Анан баарыбыз чайга отурдук. Бир маалда кайын агам келип калды. Анын артынан кайын эжем кайын энемди алып келди. Кайын агам ошондо:

- Апа, сизге келгем, тиги балдар менен отуруп турасызбы?

- Макул, балам, макул.

Кайын атам колундагы чынысын столго тарс эттире койду. Чочуп кеттик. "Кемпири жаныма алып келип койгула. Апаңар силерге бала багуучу эмес. Улам бириңер алып кетесиңер. Мен силерди ушинтип тарбияладым беле. Жаштыгыбыз силерди бакканга өттү, эми карылыгыбызды дагы алганы жатасыңарбы." Дагы көп нерселерди айтты. Көзү жашып чыкты. Анан туруп алып кетменин алып бак жакка кетип калды. 

Кайын энем маани бербей эле коюушбузду суранып тыбырчылап чыкты. Ак көңүлдүгүн ай, мынча жакшы адам. Кайын агам менен эжем атасынан артынан кетти. Анан аны ээрчитип келишти. Эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, бирок маанайлары жакшы болчу. 

"Атамдын ыйлаганын ббиринчи көрүшүм. Уялдым." Күйөөм үйгө келип ушинтип ыйлады. 

Азыр баары жакшы. Кайын атам менен кайын энем көлдө эс алууда жүрүшөт. Буйруса эртең күйөөм барып алып келет. 

Айтайын дегеним, өзүбүздү эле ойлобостон, башка бирөөлөдүн деле жеке жашоосу бар экенин унутпасак. Карыган кишилерге бала багуу жагат десеңр жаңылышасыңар. Алар тынчтык керек. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт