// //

Карындашымды ыйлаткан күйөө баламды бул абалда көрөм деп ойлобогом

2021.08.24, 16:35
6301

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мени тааныды. Бирок көрмөксөнгө салып койду. Бир кездеги келишимдүү жүзүнөн кабар жок. Эртеби-кечпи турмуш баарын өз ордуна коет тура.

Карындашымду турмушка узатып жатканда аябай ыйлагам. Кичинесинен бери жанымдан жүрчү. Эмне кылбайын баарын үйгө айтып келер эле (күлүп). Менин шеригим, душманым, досум болду. 

Бой жете баштаганда ушундай сулуу болуп чыга келди. Мен аны баарынан кызганат элем. Менден коркуп көп жигиттер жанына барууга батына алышпачу. Муну билгенде аябай сүйүнгөм. 

"Мен турмушка чыгып жатам" дегенде шок болуп калгам. Байкабай "Эмнеге?" деп жиберипмин. Атам менен апам боору эзилип жатып калды. 

Күйөө баламды көргөндө эле жактырбадым. Бирок, жалгыз карындашымдын тандоосуна карыш чыгууга укугум жок эле. Мага жакпаса, ага дагы жакпашы керек деп ойлогондордон эмесмин. 

Боюн көтөргөн байдын баласы эле. Байлыгы ата-энесиники экенин дароо билинди. Кудалар жакшы кишилер экен. Бирок, баласы...

- Алоо, байке?

- Угуп жатам. Баары жакшыбы?

- Мени алып кетиңизчи.

- Баратам, болгону ыйлаба.

Кантип жетип барганымды билбейм. Эки жээним көздөрү алайып калыптыр. Кичинекейлерим десе, коркуп калышкан тура. Атасы ичип келип ызы-чуу салган экен. Бул биринчи ирет эмес болуп жатканын угуп муштумумду түйдүм. 

Карындашымдын колдорундагы көгалалар үчүн мыйзам чегинде жооп берди. Байкеси катары иш бүткүчө аягына чейин турдум. Адвокаттын жанында адвокат болдум, иликтөөчүнүн жанында иликтөөчү болдум дегендей.

Күйөөсү балдарынан баш тартты. Мен сүйүндүм. Баланын кадырын билбеген адам, мыкты ата болуп жарытпайт. 

Карындашым менин, алтыным. Мен өзүмдү бир нерсе үчүн кечире албайм. Сен азап тартып жатканыңда жаныңда боло албаганыма. Байкең катары колдой албаганыма. Мен сени жакшы көрөм. Угуп жатасыңбы, мен ар дайым жаныңдамын.

Андан бери бир топ жыл өттү. Карындашым азыр таптакыр башка адам. Чакан бизнеси бар. Жумуштан колу бошобойт. Экөөбүз гамбургер жегени жолуккан сайын сагынганымды айтып таарынам.

Вокзалда тургам. Айылга ата-энеме бараткам. Күйөө балам бир дүкөндөң бөтөлкө көтөрүп чыгып баратыптыр. Үстү-башы кир, жууна элегине көп болгону көрүнүп турат. Мени тааныды. Бирок, көзүмө тике карай албады. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт