// //

Күйөөм мага алып келген тамакты жанымдагы келин жеп жүрчү экен

2021.08.12, 14:56
13750

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жанымда жаткан келинге күйөөсү үч жолу тамак алып келип таштап кетти. Мен бейтапкананыкын жеп отурам. Буга эмне болгон? Келе жатам дебеди беле? Баласы менен мени ойлоп койбойбу? Кыйналып көз жарсам, бир ысык тамак алып келбеди.

Күйөөм чалды. Таарынып албай койдум. Анан уктап калдым. Медайым келип жанагы келинге дагы тамак менен жер-жемиштерди берип жатыптыр. Кадимкидей кызгана баштадым. Эмнеге меники келбейт? Телефонумду карасам беш-алты жолу чалыптыр. Чалдым.

- Кайдасың?

- Сага киргизбей жатышат. Кызым жакшыбы? Тамактандыңбы?

- Ооба, "больницанын" тамагы сонун экен.

- Апей, эмнеге аны жейсиң?

- Ачка болсом жейм да, сеники кана?

- Алып барбадымбы? Азыр дагы жасап жатам. Курсагың ачты го э?

Сыртка чыгып медайымды издей баштадым. Күйөөм келип кетттиби сурадым. "Сеники келе элек, тиги жаныңда жаткан келиндики улам келип, бир нерселерди берип жатат. Аябай камкор экен." Эми чындап кызгана баштадым. Менин деле күйөөм камкор, болгону азыр аны тааныбай жатам.

Палатама кирип баратсам, төрөткананын кире беришинен "жаным, мен дагы келдим" деп күйөөм бакырып кол булгалады. Тиги медайым эже "апээй, бул сеники беле, мен эртең менен алып келгендеринен баштап баарын тиги келинге ташып жатпайынбы" десе болобу. 

Палатама кирсем тиги келин күйөөм алып келгендерди эбак эле жеп бүтүп уктап калыптыр. Ага эч нерсе айткан жокмун. Көңүлүн ооруткум келбеди. Мен үчүн күйөөм таң атпай тамак ташыганы, мага кам көргөнү маанилүү. Бирок, жанагы тоок шорпосунун жыты сонун эле да. Эх, макул эми, аш болсун.

Эртеси күйөөм кызым экөөбүздү алып чыгып кетти. Мындай вирус жүрүп жатканда көпчүлүктү деле чакырбадык.  Ата-энелерибиз үйдө күтүп турду. 

"Жаным, жанагы тоок шорпону өзүм жасагам. Анан этти дагы өзүм бышырдым. Жактыбы?" Ушунча аракет кылганы билинип турду. Ооба, деп жүзүнөн сүйдүм. Мээнетин башка бирөө жегенин айтып, көңүлүн ооруткум келбеди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт