// //

Келинчегим менен жанымда отурган кыздын телефонун алмаштырып балээге калдым

2021.08.10, 17:07
12394

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ээ достор! Балээнин баары башта деген чын экен. Ойлорду оңдосоңор эле баары жакшы болот экен. Кыскасы силерге бир күлкүлүү, ошол эле убакта сабак болгон  окуямды айтып берейин.

Досум кызынын тушоо тоюна чакырды. Келинчегим экөөбүз балдарды атама таштап, эки сааттай урушуп жатып кийинип, акыры жөнөдүк. Беште башталчу той сегизде араң башталды. Күтүп отуруп чарчадык. Бийлеп жыргайбыз деп келатканбыз, көңүлдүн баары өлдү. Өзгөчө меники, дароо маанайым түшүп калат. 

Келинчегим улам чыгып бийлеп жаткан. Мен столдо болгон нерселердин баарын даамдап отургам. Жанымда досумдун аялынын курбулары отурган. Аларга деле маани берген эмесмин. Бир маалда келинчегим келип телефонун таштап, дагы бийлегени кетти. 

Бир досум келип учурашып калды. Аны менен сүйлөшүп отурсам, аялымдын телефонуна ватсаптан кат келип түштү. Эми паролун деле билбейм, жанагы экранынан чыгып жатты. 

"Жаным, сени сагындым. Качан бүтөтө ал тоюң?" Шок болуп туруп калдым. Көп өтпөй экинчи кат келди. "Жакшы бийлеп жатасыңбы?" Алаканым тердеп, кызарып чыктым. Ачууланган деле жокмун. Дагы эле шок абалындамын. 

"Үйдөгүлөрүңө качан айтасың?", "Мен сени сүйөм, экөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз!", "Мен сени бактылуу кылам!", "Жооп берчи, кайдасың?" ж.б. Телефонду карап отура бердим. Ажырашым! Дароо ушинтип ойлодум. Тиги жакта бийлеп жатканы аялымды ушундай карадым. Балдарыбызды ойлобойбу? Кантип ушул жолго барды? Ээ достор, эмне деген гана ойлорду ойлободум.

Бир маалда бир кыз чуркап келип алдымдагы телефонду алды. 

- Ай, ал меники?

- Бул менин телефонум байке, унутуп кетипмин.

- Жок ай, ал келинчегимдики.

- Тигине сиздики турат.

Жанымда турган стулдун үстүндө экен. Көрсө аялым экөөнүн телефону окшош турбайбы. Келинчегим келип калды. Ушундай уялдым. Анын бетин карай албай кыйналдым. Жаман ойлорумдан уялдым. Анан жай музыка башталды. Келинчегимди бийге тарттым. Бийлеп жатып, кулагына жөн гана кечирип койчу дедим. Түшүнгөн деле жок. Бирок, мага ал маанилүү эмес эле. 

Оюңарды оңдогула, кыскасы. Анан шашып чечим чыгарбагыла. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт