// //

Бул тесттен өтсөңүз балалуу болууга даярсызбы же жокпу билинет

2021.08.10, 16:09
4676

Балалуу болуу бул чоң бакыт. Бирок сиз мындай бакытты кабыл алууга даярсызбы? Же азырынча өзүңүз бала бойдонсузбу? Төмөндөгү тесттен өтүп көрүңүз. 

  1. Баланын ыйлаганын укканда сизди кандай сезим каптайт?

А) баланы аяп, кучагыңызга кыскыңыз келет;

Б) эмне үчүн ыйлап жатканын билгиңиз келет;

В) баланын ыйы жиниңизди келтирет.

  1. Канча балалуу болгуңуз келет?

А) кеминде үч балауу болгуңуз келет, эгиздер болсо андан да жакшы болмок

Б) эки балалуу болгуңуз келет, бир уул бир кыз жетиштүү

В) бир эле балалуу болгуңуз келет

  1. Кичинекей баланы кармап турууну суранышса реакцияңыз кандай болот?

А) колдон түшүрүп аламбы деп коркосуз;

Б) аны менен эмне кылышты билбей, өзүңүздү ыңгайсыз сезем;

В) жок албайм деп баш тартасыз.

  1. Канча жаштагы балдарды ойното аласыз?

А) наристелерди;

Б) 4-5 жаштагы балдарды;

В) 10 жаштан чоң, эс тартып калган балдарды.

  1. Бир күн беш жашар кызды карап бер десе, аны кайда алып бармак элеңиз?

А) циркке;

Б) үйдө эле отуруп мульфильм көрмөкпүз

В) дүкөн кыдырмакпыз.

  1. Жакында балалуу боло турганынызды билсеңиз кантип даярданмаксыз?

А) апаман баланы кантип багыш керек деп сурамакмын

Б) педиатрларга кайрылып, кеңеш алмакмын

В) керектүү маалыматты интернеттен эле окуп алмакмын

  1. Балалуу болууну ойлогондо эмнеден чоочулайсыз?

А) баланын эмнени каалап жатканын билбей, кыйналамбы деп корком;

Б) тарбиясы жакшы, маданияттуу баланы тарбиялай албай каламбы, деп корком;

В) эми көңүлдүн бардыгын балага буруш керек, деп чоочулайм

  1. Сиздин оюңуз боюнча, канча жашта балалуу болуу керек?

А) 25 жашта

Б) 25-28 жашта

В) 30 жаштан кийин

Эми жыйынтыгын чыгаралы:

Эгер көпчүлүк жооптор “А” болсо

Сиз ата-эне болуу үчүн идеалдуу талапкерсиз. Теоретикалык жактан алганда, балалуу болуга толугу менен даярсыз. Сиз ага кам көрүп, жакшы карай аласыз. Балким, кичинекей баланы мурда эле каралашып, тажрыйба топтогонсуз. Кичинекей балдарды абдан жакшы көрөсүз. Бала жылдызыңыз бар. Алар да сизге тартылып турушат. Келечекте мыкты ата-эне болуп, алар менен жылуу мамиледе боло аласыз.

Эгер көпчүлүк жоопторуңуз “Б” болсо

Балалуу болууга даярсыз, бирок сизди кармаган бир нече себептер бар. Балким кандайдыр бир тиричилик маселелер, же материалдык көйгөйлөр. Баланы колго алгандан, соороткондон, ойноткондон чоочулайсыз. Туура эмес жасап алам, же бир жерин оорутуп алам, деп коркосуз. Сарысанаа болбоңуз. Бардыгын акырындык менен үйрөнсө болот. Балалуу болуу чечимин кабыл алгандан кийин күмөн саноолор өзүнөн-өзү жок болот.

Эгер көпчүлүк жоопторуңуз “В” болсо

Сиз азырынча ата-эне болууга даяр эмес экенсиз. Анткени, жеке кызыкчылыктарыңыз дале биринчи орунда турат. Бул кырдаалда, жашоодогу баалуулуктарды өзгөртүү жана жаңы приоритеттерди кою жардам берет. Балким, сиздики деле туурадыр. Азырынча шашылуунун кереги жок. Алгач жоопкерчилик сезимин өстүрүп, андан кийин балалуу болууну пландаштыруу зарыл.

Дагы башка тесттерден өтүүнү кааласаңыз бул жерди басыңыз!  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт