// //

Кызым шампунумду төгүп койсо, күйөөм ыйлап жиберейин деди

2021.08.05, 14:21
8799

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөм башын мыкчыган бойдон отурду. Кызым атасын таң калып карап турат. Экиге чыга элек, эмне болгонун деле аңдабаса керек. Менин боорум эзилип калды.

Ал күнү баары жакшы болчу. Кызыбызды уктаттык. Анан картошка менен колбаса куурудук. Күйөөм дүкөнгө түшүп кола менен балмуздак алып келди. Бүгүн жаңы сериал көрүп баштамакпыз. Ооба, экөөбүздүн ушундай кичинекей салтыбыз бар. Кезектешип сериал тандап көрөбүз. 

Күйөөм сонун адам. Чын, мактаган дагы жокмун, мактанган дагы жокмун. Кызына өзгөчө жакын. Коляскасына сүйрөп алып сейилдегенди жактырат. Мен кичине басып эле чарчап калам. Анан аларды күтүп скамейкада отура берем. Кызы үчүн кымбатына карабай айфон сатып алды. Эски телефонуна кызынын сүрөттөрү батпай кетпедиби (күлүп). 

Биринчи күлгөнуң, ыйлаганын, атүгүлү, шымын булгап койсо деле жаза берет. Тиши чыкканын көрүп ушундай сүйүнгөн. Жумуштан кур кол келбейт. Кызына деп оюнчук көтөрө келет. Бөлмөсүнө батпай кетти. Баягыда урушуп койдум эле, эми пюре алып келчү адат таап алды. Аларды дагы кызым жеп бүткөнгө жетишпейт. Айла жок, ыргыткым келбей, өзүм жейм. 

Кызыбыз бир үн чыгаргандай болгон. барып карасак уктап эле жатыптыр. Кайра келип сериалыбызды улантып көрдүк. Бир маалда эле ваннадан үн чыкты. Экөөбүз бири-бирибизди карап, чуркап жөнөдүк. Барсак кызыбыз кир жууган порошок менен менин шампунумду төгүп, аралаштырып ойноп отуруптур. 

Күйөөм кызынын жанына чуркап барып, "жоок, бултушкам, эмне кылдың" деп отура калды. Шампунду алып, кызына көрсөтүп, "ай, кызым, ай, бул апаңдын шампуну канча сом экенин, аны ким төлөгөнүн, жадакалса мен аны кармагандан коркорумду билесең гана" деди. Ошол жерден боорум эзилип калды. Чындап эле аябай кымбат шампунь болчу. Күйөөм алып берген. Эми дагы алып беришим керек дегенде жарылдым. 

Кызым чуркап бөлмөсүнө кирип кетти. Мен күйөөдү кучактадым. Бирок, күлкүмдү тыя албадым. "Айла жок жаңы алыш керек" дедим. Күйөөмдүн ошол замат бакырайган көздөрүн көрүп дагы күлдүм. Боорду эзген алтыным десе. 

Эртеси шампунь алып келип, кызы жетпеген бийик жерге коюп коюптур. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт