// //

Аялымдын менден бекиткен балдары бар окшойт деп аңдыганым эсимде

2021.08.04, 17:47
8012

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үйгө келсем, шашып чыгып кетип жатыптыр. Колунда чоң баштыгы. Ичинде эмне бар экенин деле көргөн жокмун. Кайда экенин сурасам, жумушуна баратканын айтты. Ишенгим келдим. Бирок, кичине кызгандым. 

Артып калган тамак-аштарды же улуу жеңемдин балдарынын кийимдерин чогулта берет. Ыргытып эле салчы десем, күлүп коет. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ал нерселерди таппай калдым. Атайын деле издебейм, байкап калам.

Бир жолу үйгө эрте келсем телефонунун үнүн чыгарып коюп бир кичинекей бала менен сүйлөшүп жатыптыр. Өзү манты жасап отурат, тиги жакта кичинекей бала. Эмне кыларымды билбей турдум. Оюма эмнелер гана келген жок.

Өзүбүз балалуу боло элекпиз. Менден балдарын жашырып жатабы дедим. Буулугуп чыктым. Анан кирип барсам телефонун кое калды. 

Ал ким экенин сурадым. Унчукпай турду. 

- Балдарың бар беле. Айта бер, туура түшүнөм. Каалайсыңбы, багып алабыз. Биз менен чогуу жашасын. Болгону чындыкты айтып койчу. 

- Багып аласыңбы? 

- Ооба, апасын сүйгөн жаным, балдарын сүйбөй коймок белем. Албетте, таарынам, жашырганыңа ызаланам, бирок кабыл алам.

Күлүп жиберди. Ун колдору менен бетимден сылап дагы күлдү. 

- Мен сенден жашыра турган эч нерсем жок. Болсо дароо айтмакмын. Бул бир коллега эжемдин баласы. Эже катуу ооруйт, мага дайындап кеткен. Чалып сүйлөшүп, тамак жеткирип берип турам. Сен чындап эле балам болсо багып алмак белең. Жаным, десе... Мынча сонун күйөөсүң.

Аялымын жакшылыгы менен сыймыктандым. Тиги баланы апасы бейтапканадан чыкканча үйгө алып келип алдык. Тогуздагы бала экен. Акылдуу жигит тура. Аны менен божурашып чай ичебиз. Өзүмдү атадай сезип башкача болдум.

Апасы алып кеткнде үйүбүз бош калды. Балага бат көнүп алыпмын. Бирок, келинчегим жакшы кабары менен көңүлүмдү жазып кетти. Эми калп эмес чындап ата болом. Мен ата болом!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт