// //

Атам эмнеге мени жигитим менен көргөндө качып кеткенин айтып ыйлатты

2021.07.31, 16:27
8878

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир кыздын баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Ата!" Артынан мен чуркадым. Жигитимди деле унутуп койдум. Атам колундагы кабын таштап койбостон чуркап баратты. Анан бир бурулушка кирип кетти. Мен дагы жөн калбадым. Чуркап бара бербедим. Таптым. Бир дүкөндүн артында жашынып туруптур.

- Ата! Бул эмне кылганыңыз? 

- Ай, кызым, кызым.

- Эмнеге качтыңыз? (Ыйлап жатам.)

- Ыйлаба, күчүгүм. Ыйлаба. Болгону жигитиң мени бул кебетемде көрбөсүн дегеним. 

- Эмне экен кебетеңиз?

- Мен таштанды тазалап иштейм, кызым. Үстү-башым кир. Сени менден уялат го дедим, кызым. 

- Ата! Мен сизден уялбайм. Эмнеге антип айтып жатасыз. Мен сизди жакшы көрөм. Сиздей аталар жок. Эмнеге качтыңыз. (Ыйлай бердим.)

Атамды башкача катуу кучактап ыйладым. Бечара атам, кызы атасынын кебетесинен уялат деп ойлоптур. Мен атамдан бир дагы жолу уялган эмесмин. Ооба, мектептен көп шылдың уккам. Ошондо дагы атаман уялган эмесмин. Анткени, атам кандай сонун киши экенин, бизди багыш үчүн эмнеге гана жумуштарда иштебегенин билем. 

Экөөбүз ээрчишип чыктык. Бүгүн стипендия алгам, атамы ашканага чакырдым. Экөөбүз сүйүктүү тортубузду алып жедик. Анан ээрчишип алып үйгө жөнөдүк. 

Баса, тиги жигитим менен сүйлөшпөй калдык. Качып кеткен киши менин атам экенимди айтсам, өзү эле чалбай калды. Мага баары бир. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт