// //

Абитуриентке: Кыргыз-орус славян университетинин колледжи

2019.02.07, 11:08
1283

Bilesinbi.kg окуу жайлар тууралуу маалыматты жарыялоону улантууда. Бул ирет Кыргыз-орус славян университетинин колледжи жөнүндо айтып беребиз. 

Кыргыз-орус славян университетинин колледжи 9-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алат. Колледжге окууга өтүү үчүн ЖРТнин кереги жок. Окуу жай ички тестин негизинде кабыл алат.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматка ылайык, эмгек рыногунда орто кесиптик билим алгандарга суроо талап жогору. Алар жумушту кыйналбастан тез эле таап алышат.  

Колледжге өтүү үчүн керектелүүчү документтер:

  • Бекитилген үлгүдөгү арыз;
  • Жалпы билими тууралуу же кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • 086-У формасындагы медициналык маалымкат;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү;
  • Өздүктү тастыктоочу документтердин түп нускасы комиссияга көрсөтүлөт.

Багыттар:

  • Айлана чөйрөнүн дизайны, окутуу мөөнөтү – 3 жыл 10 ай;
  • Кийим-кечектин дизайны, окутуу мөөнөтү - 3 жыл 10 ай;
  • Экономика жана бухгалтердик учет, окутуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай.

Кирүү экзамендери:

  • Орус тил жана математика боюнча жалпы тест.

Дизайнерлер үчүн кошумча:

  • Сүрөт;
  • композиция.

Контрактын баасы: 2019-жылга карата 25 000 сом. 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:

Дареги: Анкара (Горький) көчөсү 2;

Телефон: (312) 44-95-54;

Сайт: college.krsu.edu.kg

Башка колледждер жана лицейлер тууралуу маалыматты бул жактан тапсаңыз болот:

Абитуриентке: Чуйков атындагы көркөм училище

Абитуриентке: Гарвард - колледжине кантип тапшырса болот?

Абитуриентке: Бишкек медициналык колледжи

Абитуриентке: Самолёт учургандарды даярдаган окуу жай

Абитуриентке: №98 Байланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейи

Абитуриентке: Поезд айдоочуларын даярдаган лицей

Абитуриентке: Жаңы багыттагы адистерди даярдаган колледж

Дагы кайсы окуу жайлар тууралуу маалымат алгыңар келет?       0704 00-46-08 Whats App номерине жазгыла. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт