// //

Абитуриентке: Бишкек медициналык колледжи

2019.01.16, 15:11
1702

Биздин сайт буга  чейин Инновациялык кесиптер институтуна караштуу колледжТемир жол кесиптик лицейиБайланыш жана маалыматтык технологиялардын кесиптик лицейи, Кыргыз авиациялык институттун орто кесиптик бөлүмү тууралуу маалыматтарды чыгарган. Бул ирет Бишкек медициналык колледжи тууралуу айтып беребиз.

Бишкектин медицина колледжи 11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алат. Колледжге өтүү үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок, абитуриенттер ички тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат. Тесттен жогорку баллдарды алган окуучулар бюджеттик бөлүмдөргө өтө алышат.

Төмөнкү адистерди даярдайт:

  • медайымдык иш, контракты - 23 700 сом, бюджет бар;
  • акушер, контракты – 23 700 сом, бюджет бар;
  • медициналык алдын алуу - бюджеттик бөлүм;
  • Ллабораториялык диагностика – бюджеттик бөлүм;
  • тиш техниги, контракты – 25 000 сом, бюджет жок;
  • фармацевт, контракты – 25 000 сом, бюджет жок.

Кирүү экзамендери:

  • химия
  • кыргыз же орус тили
  • биология

Окутуу мөөнөтү: 2 жыл 10 ай.

Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:

  • БМК директорунун атына арыз
  • Билими тууралуу документтин түп нускасы (орто билими тууралуу аттестат, же кесиптик билими тууралуу диплом)
  • №086-У формасындагы маалымкат
  • 3х4 өлчөмүндөгү бурчу бар 6 фото сүрөт
  • өздүгүн жана жарандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү, түп нускасы комиссияга көрсөтүлөт

Колледждин студенттерине жатакана берилет. Акысы айына 800 сом. 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:

Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 18

Телефондор: (312) 30 09 08; 30 10 84; 30 02 43

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт