// //

Күйөөмдүн мойнун ким тиштегенин угуп алып чалкаман кеттим

2021.07.29, 16:11
12990

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Жаным чын айтып жатам. Ишенип койчу, суранам. 

- Ишенбейм. Кеч келдиң, анысы аз келгенсип, мойнуңду бирөө тиштеп алыптыр.

- Кубанын досу менен жакалашып кеттим, ошол тиштеп алды.

- Койчу калпыңды!

Балдарымдын бөлмөсүнө жатып алдым. Күйөөм коңшу бөлмөдө отуруп кечирим сурап ватсаптан жазып жатты. Окуйм, жооп бербейм. Бирок, ичимде бир нерсе анын сөздөрүндө чындык бар экенин айтып жатты. Мен ага эмес, кинодон көргөн окуяларга ишендим. 

Эртеси эжем келди. Эмнеге маанайым жок жүргөнүмдү айттым. Дароо эле күйөөмдүн бирөөсү бар экенин айтып, абалды ого бетер курчутту. Ыйладым. Ал мени оолуктуруп коюп кетти. Күйөөм балдарды бала бакчадан алып келди. Кыпкызыл көздөрүм менен тосуп алдым.

- Жаным, сени жөн карап тура албай жатам. Ишенип койчу, суранам.

- Мени жайыма койчу.

Мойну шишип чыкты. Боорум ооруп бир нерсе сүйкөп берейин дейм, анан эле ачуум токтотуп калат. Күйөөмдүн уйкусу катуу. Акыры чыдай албай, уктап жатканда мазь сүйкөп койдум. 

Эртеси температура болуп чыкты. Бейтапканага жөнөдүк. Жол бою бултуюп бардым. Күйөөм колумду кое бербей койду. Колумду кармап баратканына сүйүнөм, бирок таарынымыш болуп коем. 

Дарыгер инфекция кирип кеткенин, тезинен бейтапканага жатып укол алышын айтты. Эми корко баштадым. Үйгө барып кийимдерин алып, тамак жасап кайра келдим. Палатада Куба досу менен бир жигит отурат. Мени көрүп тура калышты. Жанындагы жигит кечирим сурап кирди.

- Аяш кечирип кой, кызуу кандуулукка алдырып койдум. Кантип мойнун тиштеп алганымды билбейм. Бир билгеним утулуп баратканым. Дарысын баарын мен төлөйм. Кабатыр болбогула. Достор арасында деле уят болдум. Кечиргиле.

Алар чыгып кеткенден кийин күйөөм мени күлүп карап турду. Мен күнөөмдү моюнга алганды билем. 

- Кечирип койчу.

- Макул. Келчи кучактап алайын. Бултуңдап жүрүп кучактаттырбай дагы койдуң. Сагынып кеттим.

Чуркап жанына бардым. Катуу кучактап чачымдан жыттап койду. Ар дайым ушинтет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт