// //

Кайын энем "ушул жашка чыгып биринчи жолу көлгө келдим" деп ыйлады

2021.07.26, 19:04
6968

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Сүрдүү кайын энемдин биринчи жолу ыйлаганын көрүшүм. Күйөөмдүн айтымында кайын атам каза болгондо дагы, "балдарым коркуп калбасын" деп бир тамчы көз жаш чыгарбаптыр. Өмүр бою билим берүү тармагында иштептир. Кээде окуучулары үйгө акыбалын сурап келип калат. "Сиздин тарбия бизди тартипке үйрөттү" дешип рахматын айтып кетишет. 

Күн ысыкта үйдө эзилип жаткандан тажап кеттим. Анын үстүнө келин болуп келгениме аз эле болгон. Конок тоскондон дагы чарчадым. Эмне кылсам экен деп телефон чукуп жатсам, курбум көлдө жүрүптүр. Эжесинин үйүнө токтогонун айтып, келип кетишимди суранды. 

Дароо кайын энеме чуркап бардым. 

- Апа! Апаа!

- Ой айланайын, баары жакшыбы?

- Кеттик көлгө! Бекер үй чыгып жатат. Жол кире эле төлөйбүз.

- Апей, ал жак алыста. Биздин айыл жердин түбүндө.

- Апа, бат эле жетип калабыз. 

Болбой жатып макул кылдым.  Күйөөмө үй-жайды дайындап таң эрте чыгып кеттик. Сегиз сааттан ашык жол жүрдүк.  Кайын энемуктап калган. Бир маалда көлдүн кыры көрүндү. Ойготсом, терезеден көзүн албады.

Курбумдун үйүнө барып, сумкаларыбызды таштап, көлгө жөнөдүк. Кайын энем чуркап барып ийиле суусун алып, жүзүн жууп, ыйлап жиберди.

- Апа, баары жакшыбы?

- Жакшы, кызым, жакшы. Биринчи жолу жанынан көрүшүм. Ушул жашка чыгып биринчи жолу көрүшүм. Балдар, жумуш деп жүрүп кантип карыганымды сезбедим. Турмуш мени сүрдүү, катаал кылып койду. Антпесем жалгыз бой эне катары кыйналмакмын, бирөөгө жемимди жедирмекмин. А чынында мен назик элем. Элдин менден коркуп турушканын көрүү мен үчүн оор. Эх...

- Апа, буйруса жыл сайын келип турабыз. Мен алып келип турам. Сөз берем. Сиз кайгырбаңыз. Жүрүңүз бир түшүп чыгалы.

Сүрдүү кайын энем жаш баладай жыргады. Күн сайын барып түшөбүз, балмудак жейбиз, кайыкка отурабыз дегендей. Эч нерседен баш тарткан жок. 

Күйөөм "мынча капкара болуп келдиңер" деп тосуп алды. Кийимдеримди ордуна салып жатам кайын энем келип, билерик берип, "рахмат кызым, мени башкача бактылуу кылдың" деп чыгып кетти. Өзгөчө кооз билерик экен. Күйөөм колуман билерикти көрүп, чоң таенесиники экенин айттым. 

Ошентип, жөнжерден кайын энемдин ыраазычылыгын алдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт