// //

Апамдын карызын төлөп жүрүп тажадык. Эмне кылсак болот?

2021.07.26, 11:23
1920
Саламатсызбы! Менин суроомо адистерден жооп алып бересиз деген чоң үмүттөмүн. Апам 10 жылдан кредит алат. Карызы миллионго жакын. Ал акчаларды алып жарытарлык деле бизнес кылбайт. Сетевой компанияларга салат  же ал жакта иштеп бир сом пайда таппайт. Биз Россияда 10 жылдан бери иштеп карыз төлөйбүз. Башка албашын айтсак укпайт. Кайра эле ошол акыбал. Кандай кылсак болот? Бир жолу барбы акча алдырбай коюнун? Биз дагы өзүбүз жашашыбыз керек да, өмүр бою карыз төлөп жүрө бербей. Айлабыз калбай калды.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.07.2021, 11:42

Тамара Воронцова

Психолог

Албетте, кырдаал оор экен. Апаңыз ынандырсаңар дагы көнбөй жатыптыр. Ал силер карызын тынымсыз төлөп турат деп ишенип алган.

Алгач юрист менен сүйлөшүңүз, ал эмне кеңеш берет угуңуз. Балким, ал насыя алууну мыйзамдуу жол менен кантип токтотуу керектигин айтат.

Анын паспортун алып коюу мүмкүнчүлүгү деле бар, бирок бул мыйзамдуу эмес. Анын үстүнө эскиси жоголуп кеткендигине байланыштуу ал жаңы паспорт алат, ошондо бардыгы кайра кайталанат.

Балким, аны Москвага, үйгө кол кабыш кылып жана балдар менен жардам берүүгө чакырсаңыз болот. Бул жерде ага дагы бир жолу насыя алууга жол бербейсиз - анткени паспорту сизде болот.

Баарыңар ойлонуп, апаңарга өзү каалаган жана силерди чыгаша кылбаган жумуштун бир түрүн сунуштап көргүлө. Апаңызга анын тактикасы киреше алып келбестигин, тескерисинче, баарына зыян келтирерин түшүндүрүңүз. Ал жактырган нерсени - балким, кийим-кече, наристе же башка буюмдарды сатуу, косметика, гүлдөр, бышырылган азыктарды издеңиз.

Тармакчылардан үлгү алыңыз - алар көп нерсени убада кылышат, сиз дагы апаңыз үчүн кичинекей болсо да туруктуу киреше менен апаңызга кандайдыр бир бизнести баштап берсеңиз болот. Же, балким, ал силердин акчаңарга  саякаттай баштайт, бул карыз үчүн кайтарып бергенден көрө жакшы. Албетте, бардык карыздар төлөнгөндөн кийин.

Апаңыз эмнени кыялданарын, эмнени сүйөрүн, эмне үчүн сетевой компаниялардан акча тапкысы келерин эстеңиз. Анын максаты эмне? Бул нерсени  түшүнүү абдан маанилүү, андан кийин бул көйгөйгө туруштук берүү оңоюраак болот,  учурда ал да, силер да бекер иштеп жатасыңар.

Кыязы, ал психологго барууга макул болбойт, ага өзүн жана силерди түшүнүү жеңилирээк болмок. Балким, анын комплекстери, коркуулары ж.б. бар. 

Колуңардан келген бардык нерсени жасап көргүлө.

0
Пайдалуу жооп

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт