// //

Семирип кетсем күйөөм мындай деп оозумду ачты

2021.07.24, 11:49
10542

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Май, май, май!" Күзгүдөн кебетемди карап алып өзүмө ушинте берчү адат таптым. Төрөттөн кийин 20 килограммга семирдим. Ооба, аз эле убакыт өттү. Бирок, өзүмдү жаңы денеде кабыл алалбай жаттым. 

Балалуу болгондон кийин баары кинодогудай болот десеңер жаңылышасыңар. Күйөөм экөөбүз жашообузду түп тамыры менен өзгөрткөнгө туура келди. Жаңы статус баарын өйдө-ылдый кылып таштады. Эми жашообузду балага карап курмай болдук.

Түнү менен кезектешип бала карайбыз. Ал достору менен жолукса мен таарынам, мен жолуксам ал таарынат. Ооба, уйкудан калган нервдерибиз уруштурат. Анан балабыз бир жылмайып же жалаягын булгап койсо айла жок жарашабыз. Ата-эне болуу оңой эмес экен.

Кийимдерим батпай калганын көрүп ыйлайм. Күйөөмдүн мээсин жейм. "Мурдагыдай болбой калдым э" деп улам сурайм. Мээмде "Семиздерди сүйбөйт, алар сулуу эмес" деген стереотип отуруп калыптыр. Ачуу сөздөрүм менен өзүмдү жей бердим. Акыры күйөөм чекит койду.

Күзгүнүн алдында тургам. Баягы эле сөздөрдү айтып жаткам. Күйөөм баламды бутуна терметип кино көрүп отурган. 

"Жаным, болду бүтүр бул адатыңды. Мен сени сүйөм. Ичиңде болуп жаткан ооруну, кайгыны түшүнөм. Билем, сенин колуңдан баары келет. Баланы эмизип бүтсөң, калыбыңа келип каласың. Бирок, бул мен үчүн маанилүү эмес экенин айтып коеюн. Сен өзүңдү сүйсөң, мен сени сүйөм. Ачуу сөздөрүң менен өзүңдү басынтпа. Сен төрөдүң, чоң иш кылдың. Албетте, төрөттөн кийин салмак кошосуң. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Ага кайгырбаш керек. Кел экөөбүз кызыбыздын кылыктарына балкып жашайлы. Майларың кетет. Анын эч нерсеси жок. Элдин пикирин укпа. Кел, жаным, экөөбүз бири-бирибизди арык кезде гана эмес, томпошка болуп тарганда дагы сүйгөнгө үйрөнөлү."

Күзгүгө карап жылмайдым. Өзүмдү башкача көз караш менен сынадым. Позитивдүү ойлондум эле, баары башкача боло түштү. Күйөөмдүн жанына чуркап барып жатып алдым. Чекемден өөп, өзүнө тартты. Кызым көзүн ачты. Экөөбүз  "ким турду" деп үстүнө үйрүлдүк.

Өзүмдү кандай болсом ошондой сүйгөнгө үйрөндүм! Толук адамдарга айтылган элдин сөзүн укпагыла! Жыргап жашагыла! Ар түрдүү денелер болот, аны кабыл алуу керек! Жашоо бир келет. Андыктан, жаранамаларга ишенбей өзүңөрдү сүйгүлө, эч качан мага окшоп жаман сөз айтпагыла.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт