// //

Ютубдан видео көрүп үйдөн өзүм төрөй аламбы? Гинеколог айтып берет

2021.07.24, 11:40
2150

Гинеколог Раушан Джумагуловага кыздык белги, климакс, жыныстык катнаш, ич кийим жана төрөт жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алдык.

1. Репродуктивдик ден-соолукту сактоо үчүн жыныстык катнашка канча жолу барыш керек?

Баары индивидуалдуу. Ар бирибиздин каалоолорубуз жана темпераменттерибиз башкача. Эгер жалпылап айтсак, орточо эсеп менен жумасына 2-3 жолу секс менен алектенүү жетиштүү.

2. Бассейндин суусунан кош бойлуу болуп калышың мүмкүнбү?

Бассейндеги суудан бойго бүтүп калуу мүмкүн эмес. Кээ бир кыздар келип, “жигитим жок, бирок боюма бүтүп калды, бассейнге баргандан болушу мүмкүнбү”,-деп кайрылышат. Биринчиден, бассейнге спрема түшүп кеткен күндө деле анын концентрациясы аз болот. Экинчиден, бассейндеги суу хлордолуп турат. Ал эми мындай чөйрөдө сперматозоиддер жашай албайт.

3. Эркек гинеколог - бул нормалдуубу?

Эркек гинеколог нормалдуу эле көрүнүш. “Врач” деген жыныссыз түшүнүк. “Мени эмнеге гинеколог эркекке жөнөтүп жатасыңар”,-дешкендер бар. Эмне үчүн болбосун?!

4. Тампондон кыздыкты жоготуп алуу мүмкүнбү?

Учурда тампондордун түрлөрү көп. Анын ичинде жаш кыздар үчүн дагы бар. Мындай карасаң, тампон колдонуу кыздыкка доо кетирбейт деле. Кыздык челде тешик бар, ал жетиштүү эле чоң. Ал эми тампондордун диаметри кичинекей. Менин оюмча, тампонду туура колдонгонду үйрөнүп алуу керек. Эгер эрежелерин билбесеңер, тим эле коюш керек.

5. Төрөгөндө катуу оорутабы?

Ооба, төрөгөн оңой эмес. Төрөт учурундагы оорутуу - жетиштүү эле олуттуу. Андыктан аял психологиялык жактан даяр жана балалуу болууга каалоосу болуш керек. Ошол эле учурда, төрөп жатканда үн чыгарбаган айымдар дагыбар экенин унутпайлы. Төрөттүн өзү анчалык оорутпайт деле. Бирок, толгоо, төрөткө даярдык, жыныс кынын чоюлушу катуу оорутуу менен коштолот.

6. Стринги кийүү зыяндуубу, эгер андай болсо, анда эмне үчүн?

Гинекологдордун баары “стринги кийүү коркунучтуу”,-деп айтат. Стрингини кандайдыр бир иш-чара болуп, ич-кийим байкалбаган көйнөк кийүүгө мажбур болуп калсаңыз, анда макул дейбиз. Биз пахтадан жасалган, тыкыс эмес ич кийим кийүүнү сунуштайбыз. Стрингилер болсо синтетика, жип сымал ичке. Адам басканда өйдө-ылдый кыймылдап, аналдык тешиктеги микроборду ылдыйга алып келип, сезгенүүнү пайда кылат.

7. Эмне үчүн алар "месячные" деп аталат, бир жумага гана созулат го?

Эмне үчүн андай аталат? Ким мындай ат койгон? Булардын баары белгисиз. Ар бир айда келген үчүн айтлып калса керек. Нормада этек кир жети күн келет.

8. Ютубдагы видео сабактарды колдонуп үйдө өз алдынча төрөй аламбы?

Өз алдынча видеосабактар аркылуу төрөгөн болбойт. Төрөт бул кооптуу иш. Баары жакшы болгон күндө дагы, бир нерсе болуп калышы мүмкүн.

9. Эмне жаман - акыр заман же ПМС?

“ПМС” кээ бирөөлөр үчүн оор өтөт. Эки жумага созулуп, башы ооруп, кускусу келип, көңүлү түшүп, депрессиялык абалга жетип, ичи, бели оорутуп, шишип, эмчек бездери катып, кыйналышы мүмкүн.  Бул учурда аялга суициддик ойлор дагы келип кетиши мүмкүн. Мындайда акыр заман жеңилирээк көрүнөт. Ошон үчүн төмөндөгү белгилер тааныш болгон айымдар сөзсүз текшерүүдөн өтүшү керек.

10. Климакстан кийин оргазм болбойт деген чынбы?

Жок бул туура эмес. Климакс болсо деле оргазм ала берет.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
26.07.2021, 23:43

Саламасызбы! 34 - апта кош бойлуу учурум, мендеги койгой бут денем кычышып жатат. Мен даары- дармек же момо жемиштен аллергия болуп жатамын деп ойлодум эле ,бирок андай эместей. Врач сунуштаган аллергияга каршы даарыны да кабылдап кордум . Бирок натыйжасы болгон жок . Кычышуу жатынымдан башталган эле ,ошонун кесепети болушу мумкунбу? Кимге кайрылышымды билбей жатам кожаныйга барсамбы же гинекологкобу?

 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.07.2021, 07:16

Саламатсыздарбы торогонумо 28кун болду курон суюк эле кан бир аздан келип жатат кунуо бир же эки жолудан ушинтип келиши керекби?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт