Уулум менен келинимдин сүйлөшүп отургандарын угуп туура эмес кылганымды билдим
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
- Жумушуң эмне болот? Кыялданып жүргөн иш эмес беле?
- Ооба, айлыгы жакшы болчу, чет өлкөгө дагы жиберишмек.
- Анан?
- Апам таарынып жатпайбы.
- Ооба, апам таарынып жатат.
- Аны капа кылып таштап койсок болбойт.
- Макул, бул жакта эле калалы. Тур, машинаңды бир карап кой. Жаталы.
Уулум менен келиним тапчанда сүйлөшүп отурушуптур. Түнкүсүн дааратканага чыккам. Экөө уктабай отурушуптур. Көздөрү муңдуу. Ал муңга мен күнөөлүмүн. Ичим жаман болуп чыкты. Акырын барып ордума жатып алдым. Туура эмес кылганымды билдим. Балапандарымдын канатын кайрып салыпмын. Өзүмдү, элди ойлопмун.
Уулумду шаарга жумушка чакырышкан. Жакшы компания экен. Келечектерине жол ачылмак. Неберелерим чет өлкөдө билим алып калмак. А мен аларды жанымдан кетиргим келбеди. Калп эле оорумуш болдум. Кетсеңер таарынам дедим. Сүйлөшпөй коем дедим. Уулум менен келиним мени кыя албады. Макул, айылда калалы дешти. Ураа, жеңдим деп сүйүндүм. Чындыгында, утулупмун.
Эгер мен аларды колдоп, “кой, баргыла” деп батамды берип узатып жиберсем, баркым көтөрүлүп, сыйым артмак. Мен балдарыма бак тилебедим. Чынында эле, уулумдун кыялындагы жумуш болчу. Келиним дагы аябай сүйүнүп жүргөн. Алтындарым, апаңарды кечиргиле.
Эртең менен чайга отурдук. Көздөрү муңдуу.
- Жолго, качан чыгасыңар?
- Эмне жолго?
- Шаарга.
- Чындап эле айтып жатасызбы?
- Ооба, анан эмне бул жакта жүрө бермек белеңер.
- Тур, жөнөгүлө.
- Апа, рахмат!
Экөө кучактап алып бетимден өптү. Жакшы көрөрлөрүн айтышты. Келиним ыйлап дагы жиберди. Жүрөгүм биринчи жолу башкача жеңилдеди.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди