// //

Кайын энемдин күйөөмө берген тапшырмасы таңгалдырды

2021.07.06, 15:47
6953

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул кайын энесине ыраазы болгон окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кыздарга кеңешим жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин турмушка чыккыла. Мен 3-курста турмушка чыгып алып аз жерден окуум аягына чыкпай кала жаздады. Албетте ар кимдин жашоосу ар кандай болот. Бирок меникине окшогондор көп болсо керек. 

Күйөөгө тийип алып деле окуп иштей берем деген пландарым бар болчу. Башында кадимкидей эле университетке барып окудум. Андан кийин боюмда болду. Токсикоз болуп кыйналганымдан окууга барбай баштадым. Бир барып, бир барбай жүрүп 3-курсту аягына чыктым. 

Шаар ысык болгондуктан жолдошум экөөбүз айылга кеттик. Кызыбыз жарык дүйнөгө келди. Кичине тыңып алайын, андан кийин окуумду улантам дедим. Эми кызым өзү тамак жеп, басып калсын анан окуума барып калыбына келтирем дедим. Кызым экиге чыкканда экинчиси боюмда болуп калды. 

Ошентип үйдөн чыкпай жатканыма беш жылдай болуп калды. Жинди болуп кетейин дедим. Адам жактырбайм. Ал го мейли, өзүмдүн балдарымды дагы көргүм келбей калды. Таш боорсуң дешиңер мүмкүн, бирок ушундай болот экен. 

Кайын энем менен болгон мамилем дагы бузула баштады. Мага эч жамандык кылбайт, бирок ал адамды көрсөм эле кыжырым келчү болду. 

Бир күнү улуу кызым шымына чычып коюптур. Кичүүсүнүн тиши чыгып ыйлап жатканынан араң уктаткам. Жиним менен барып кызымды урушуп кирдим. Ары жактан кайын энем келип:

- Кызым, чычып койгондон кийин урушуп эмне пайда?

- …

- Кызыңа жаман сөзүңдү айтпай, тазала да жанына жатып уктап ал. 

- Өзүмдүн кызымды өзүм билем.

Бул сөз оозумдан эмне болуп чыкканын билбей деле калдым. Апам болсо басып кетти. 

Кечинде жолдошум келгенде өзүнүн комнатасына чакырып алды. Ичимден өлдүм дедим. Азыр күйөөмө айтса уруш болот. 

Тамагымды даярдагыча “макул, макул” деп сүйлөшүп бөлмөдөн чыгып калышты. Апам эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап эле тамак ичти. 

Кечинде жолдошумдан апамдын эмне деп айтканын уккум келди. Бирок сурай албай жата бердим. Бир маалда:

Эртең менен Бишкекке кетем. 

- Эмнеге? 

- Апам сенин окууңду калыбына келтирип, анан бул облустун университетине которуп кел деди. Үйдө жата берип куурады дейт. 

- Чынбы? 

Мен ойлогом апам жолдошума арызданды го деп. Көрсө менин окуумду калыбына келтирип келүүсүн айткан турбайбы. 

Эртеси апамдын бетинен өөп кечирим сурасам, үйдө олтура берип жүдөп, урушчаак болуп өзгөрүп кеткенимди айтты. Окусаң, иштей баштасаң жакшы жака өзгөрүлөсүң, өзүңдүн билимиң болсо балдарыңды билимдүү кылып тарбиялай аласың деди. Ээх, ушундай түшүнүктүү кайын энемдин болгону кандай жакшы. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. Окуяга тиешеси жок. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт