Жөн эле ойлуу отурсам күйөөм "точно, бир нерсе болду, айтчы" деп боорумду эзди
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жакында көз жара турган окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Күйөөм мени эркелетет. Ашыкча эркелетет. Өзүмдүн апам "ай, балам, аны мынча эркелетесиң" деп, күйөө баласына болушат. Бул учурда күйөөм "сүйөм да, апа, сүйөм" дейт.
Маанайым түшүп калса бултуюп сүйлөбөй коем. Бул жаман адат экенин билем. Бирок, азырынча арыла албай келем. Күйөөм эмне болгонун табыш үчүн кечке суроо берип жанымда отурат. Акыры чыдабай күлүп жиберем.
Ооба, мени эркелетип, өзгөчө жакшы көрүп өстүрүшкөн. Мүнөзүм оор. Айтканымдан кайтпайм. Өжөрмүн. Бир нерсеге жетем десем, сөзсүз жетем. Ар дайым өзүмдүн каалоолорумду биринчи орунга коюп көнүп калгам. Бул нерсе мага эч кандай зыян тийгизген жок.
Күйөөм "өзүңдүн оюң, көз карашың бар, ошонуң жагат" дейт. Балким, аныкы туура, ким билет.
Сүйөм. Мага кылган мамилесине ыраазымын. Көңүлүмдү карап турганын баалайм. Ар бир жылуу сөзү жүрөгүмдү ээритет. Сүйүү бар. Аны күйөөм күн сайын мага тастыктайт.
Ичимдеги баламды сылап терезени карап ойлуу отургам. Төрөт жакындаган сайын корко баштадым. Ар кандай видеолорду дагы көруп алгам. Ошолор дагы таасир берип жатат окшойт. Жумуштан келген күйөөм баары жакшыбы сурады.
- Ооба.
- Точно, бир нерсе болду, айтчы.
- Ай, баары жакшы.
- Жок, ойлонуп отурасың, бир нерсе болду.
- Жаным, баары жакшы.
- Билбей эмне кылдым.
Эки жакка баса берди. Каткырып күлдүм. Аялзатынын маанайынан эле бир нерсе болду экенин билсе болот окшойт. Ишенбейт. Акырында, төрөттөн коркуп жаткынымды, ошону ойлонуп отурганымды айттым.
- Коркпо, жаныңда мен турам дебедим беле.
- Киресиңби?
- Ооба, сени кантип таштап коймок элем.
Ушул мамилеси үчүн сүйөм.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди