// //

Он жылдан бери үй жумушчулары татыктуу эмгек үчүн күрөшүп келишет

2021.06.28, 14:29
864

Үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын он жылдыгында COVID-19 пандемиясы алардын эмгек рыногундагы абалы аялуу бойдон кала бергендигин көрсөттү.

Үй кызматкерлеринин эмгек укуктарын тастыктаган Эл аралык эмгек уюмунун № 189 тарыхый Конвенциясы кабыл алынган күндөн бери он жыл өттү, бирок алар дагы деле кызматкер менен маанилүү кызматтарды көрсөтүүчү катары таанылуу үчүн күрөшүүгө туура келүүдө.

ЭЭУнун жаңы баяндамасында алардын көпчүлүгү эмгектенген шарттар он жылдын ичинде жакшырган жок, ал эми COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам начарлап да кетти деп айтылат.

Каатчылык күчөп турган кезде Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө, ошондой эле Канада менен Түштүк Африкада үй кызматкерлеринин жумуш ордуларын жоготуулары 5%дан 20 пайызга чейин чыгып жатты. Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө абал андан да оор болгон - алар 25%дан 50%га чейин жумуш ордулары жок калышкан. Ошол эле убакта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кызматкерлердин башка категорияларынын арасындагы жумуш ордуларын жоготуулар 15 пайыздан ашкан жок.

Баяндамада келтирилген маалыматтар дүйнө жүзү боюнча 75,6 миллион үй кызматкери (же кызматкерлердин жалпы дүйнөлүк санынын 4,5 пайызы) олуттуу сыноодон өткөндүгүн жана бул, өз кезегинде, алар үй жумушутарын аткарган үй чарбаларына таасир эткендигин айгинелейт.

Баяндамада COVID-19 пандемиясы үй кызматкерлеринин ансыз деле эмгектин жагымсыз шарттарын ого бетер тереңдетти деп айтылат. Эмгекти коргоо менен социалдык коргоо чөйрөсүндөгү көп жылдардан берки топтолуп келген боштуктар аларды пандемиянын кесепеттерине карата өзгөчө аялуу кылат. Бул, айрыкча, расмий эмес экономикада иштеген 60 миллиондон ашуун үй кызматкерлерине тиешелүү.

«Каатчылык үй жумушун анда иштегендер татыктуу эмгекке жетүүсүн камсыз кылуу үчүн расмий негизге өткөрүү өтө зарыл экендигин ачыктады жана баарынан мурда эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндөгү мыйзамдардын күчү бардык үй кызматкерлерине жайылтылууга тийиш», - дейт ЭЭУнун Башкы директору Гай Райдер.

Мындан он жыл мурун үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндөгү тарыхый Конвенцияны кабыл алуу дүйнө жүзү боюнча алардын көпчүлүгүн аялдар түзгөн он миллиондогон үй кызматкерлери үчүн жетишкендик катары бааланган.

Акыркы он жылдын ичинде белгилүү бир ийгиликтерге жеттик: эмгек мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу чөйрөсүнөн тышкары болгон үй кызматкерлеринин саны кеминде 16 пайыздык пунктка кыскарды.

Ошондой болсо дагы, үй кызматкерлеринин олуттуу бөлүгү (36%) эмгек мыйзамдарын колдонуу чөйрөсүнөн толугу менен четтетилген бойдон калууда жана бул мыйзам чыгаруудагы боштуктарды, айрыкча ачык-айкын көрүнүп турган Азия-Тынч океан регионундагы өлкөлөрдө жана Араб мамлекеттеринде бул боштуктарды тез арада жоюунун өтө зарыл экендиги тастыкталат.

Үй кызматкерлерине эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндөгү мыйзамдар жайылтылган учурда дагы, мындай ченемдерди колдонуу социалдык четтөөгө жана расмий эмес эмгек мамилелерине чоң өбөлгө түзөт. Баяндамада ар бир бешинчи үй кызматкери (18,8 пайыз) иш менен камсыз кылууга байланышкан социалдык камсыздоону чындап пайдалана тургандыгы баса белгиленет.

Үй жумуштары аялдардын эмгеги басымдуулук кылган чөйрө бойдон калууда: анда 57,7 миллион аял эмгектенет, бул үй кызматкерлеринин 76,2 пайызын түзөт. Европада, Борбордук Азияда жана Америка континентинде аялдар жумушчу күчүнүн көпчүлүгүн түзсө, Араб мамлекеттеринде жана Түндүк Африкада үй кызмактерлеринин көпчүлүгүн аялдарга караганда эркектер (63,4 пайыз) түзөт, ал эми Түштүк Азияда үй кызматкерлеринин арасында эркектер жарымынан бир аз азыраакты (42,6 пайыз) түзөт.

​Үй кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгү эки региондо: жарымына жакыны (38,3 миллион) - Азия жана Тынч океан өлкөлөрүндө, биринчи кезекте Кытайда; дагы бир чейреги (17,6 млн.) - Америка континентинин өлкөлөрүндө иштешет.

Ушул тапта үй кызматкерлери мыкты уюшулган жана өздөрүнүн кызыкчылыктарын, көз караштарын жана укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Алардын уюмдары, ошондой эле үй кызматкерлерине иш берүүчүлөр уюмдары бүгүнкү күнгө чейин бул чөйрөдө жетишилген ийгиликтерге негизги салымын кошуп келишти.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт