// //

Кайын энем тун небересине ат коюудан баш тартты

2021.06.26, 18:55
4976

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Боюмда бар экенин билгенден кийин бактыбыз койнума батпай калды. Күн сайын уктар алдын күйөөм экөөбүз аттарды карап чыгабыз. Ал кызга издесе, мен эркек балага. Жаккандарын өзүнчө тизме кылып жазып коебуз. 

Жумушта отуруп же маршруткада баратып жакшы бир ат угуп калсак дароо бири-бизге чалабыз. Тизмеге кошобузбу жокпу кеңешип, бир чечимге келебиз. Баары кайын эжем келгенден кийин өзгөрдү.

"Ай, тун небересинин атын чоң апасы же чоң атасы коет. Экинчисин тайлары, эң акыркысын, анда дагы чоң энелери макул болушса, силер коесуңар. Андыктан убактыңарды текке кетирбегиле."

Күйөөм экөөбүздүн маанайыбыз түшүп калды. Балабызга атты өзүбүз кое албайт турбайбызбы... Унчукпай тизмени шкафка салдык. Көчөдөн жакшы ат уксак, интернеттен көрсөк бири-бирибизге чалбай калдык. Досторубуз ким коесуңар десе, көңүлүбүз түшө ийнибизди куушурабыз. 

Чогуу чай ичип отурганбыз. Кайын энем ат тандадыкпы сурап калды. Экөөбүз тең баш чайкадык.

- Апей ботом, не дейт булар! Эмнеге тандаган жоксуңар?

- Апа, эжем айтты, силер коет турбайсыңарбы?

- Ким? Бизби? Атаң экөөбүзбү?

- Ооба...

- Ай балам, башымды оорутпагыла. Бала силердики, өзүңөргө жаккан атты койгула. Азыр заман башка. Угушум боюнча алда канча сонун аттар бар экен. Небереме заманбап ат койгула. Баланы тогуз ай көтөрүп, толгоосуна чыдаган келиним өзү койсо дагы жарашат. Атаң экөөбүздү аралаштырбагыла. Биз неберебиздин аты эмне болбосун, жакшы көрөбүз. Эжең айта берет.

Сүйүнгөнүмдөн ордуман тура калып кайын энемди кучактадым. 

- Апей ботом, баягыда эле ачык айтпайт белеңер. Биринчисин, экинчисин, кыскасы балдарыңардын атынын баарын өзүңөр коесуңар. Капа болбогула, алтындарым. 

Күйөөм экөөбүз үйгө чуркап кирип тизмени алып чыктык. Экөөбүз тең кайын энемдин атын жазып койдук. Эмнеге болбосун, балким тандап каларбыз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт